Ноокаттын мэри менен мурдагы спикери кызмат абалынан кыянат пайдаланууга шектелүүдө

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Ош облусунун Ноокат шаарынын мэри менен мурдагы спикерин кармады. Алар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, кармалгандар 2017-жылдан  үстүбүздөгү жылдын июнуна чейин бюджетке 15 043 720 сом өлчөмүндө зыян келтиришкен.

13-октябрда Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, Ноокат шаарынын мэри “Н.Ж.А.” жана мурдагы спикер, азыркы учурда Ноокат шаардык кеңешинин депутаты “Г.А.М.” кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Азыркы учурда көрсөтүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу жана бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүүдө.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6041 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо