Парламенттик шайлоо: бир мандаттуу округдардан талапкер болууну каалагандар 381 адам болду

Бир мандаттуу шайлоо округунан талапкер болуп катталгандар 381 адам болду. Бул тууралуу 14-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Талапкерлердин арызын кабыл алуу 13-октябрда токтоду. Өзүн-өзү көрсөткөндөрдүн 381 адамдын 31и аял, 350сү эркек. 379 адам өзүн өзү көрсөтсө,  сегиз кишини жети партия  сунуштаган. Эң көп талапкер (19) Кадамжай шайлоо округунда, эң азы Ноокат (4) жана Өзгөн округдарында.

Облустар боюнча талапкерлерди көрсөтүү төмөнкүдөй болду:

  1. Баткен облусу – үч шайлоо округунан 40 талапкер көрсөтүлдү, алардын ичинен төртөө аял.
  2. Ош облусу – тогуз шайлоо округунан 71 талапкер көрсөтүлдү, алардын ичинен үчөө аял.
  3. Жалал-Абад облусу – жети шайлоо округунан 63 талапкер көрсөтүлгөн. Алардын ичинен үчөө аял.
  4. Талас облусу – эки шайлоо округу, 17 талапкер көрсөтүлдү, аялдар жок.
  5. Чүй облусу – алты шайлоо округу, 73 талапкер көрсөтүлдү, алардын ичинен үчөө аял.
  6. Бишкек шаары – төрт шайлоо округу, 38 талапкер көрсөтүлдү, алардын ичинен төртөө аял.
  7. Нарын облусу – эки шайлоо округу, 31 талапкер көрсөтүлдү, алардын ичинен төртөө аял.
  8. Ысык-Көл облусу – үч шайлоо округу, 48 талапкер көрсөтүлдү, алардын ичинен 10 аял.

Кыргызстанда быйыл 28-ноябрда парламенттик шайлоо өтөт. Шайлоонун жаңы эрежесине ылайык, пропорционалдык тутумдун негизинде бирдиктүү шайлоо округу боюнча 54, ал эми мажоритардык тутумдун негизинде бир мандаттуу округ боюнча 36 депутат шайланат.

Бир мандаттуу округдардан талапкерлерди каттоо 29-октябрда жыйынтыкталат.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6041 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо