Жалал-Абаддын алыскы айылдарында чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча окутуулар өттү

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя айылында 200гө жакын тургундардын башын бириктирген чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча форум өткөрүлдү.

Ал жергиликтүү ишкерлердин активдүү жамаатын түзүү, ошондой эле ишмердүүлүктүн түрдүү тармактарындагы региондун лидерлеринин ортосундагы кызматташтыкты жакшыртуу максатында өткөрүлгөн. 

«Иш-чарада адистер балык чарбасы, мал чарбачылыгы, сүт, туризм жана билим берүү тармактары боюнча багыттарды беришкен. Форумдун экинчи бөлүгүндө катышуучулар спикерлердин ар бири менен жеке жолугушуп, кызыктырган суроолоруна жоопторду ала алышкан», — айтылат маалыматта.

 

Жыйынтыгында өнүктүрүү фондунун жергиликтүү ишкерлерге каржылык колдоо көрсөтүү механизмин түзүү боюнча биринчи кадамдар жасалган. Орто жана чакан ишкерликти алыскы аймактарда түзүү жана өнүктүрүү үчүн мындан ары дагы спикерлер менен талкуулар, акысыз кеңештер уюштурулмак болгон.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6041 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо