Ишкер Эркин Салымбеков 6-декабрга чейин камакта калтырылды

Ишкер Эркин Салымбеков 6-декабрга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында калды. Бишкектин Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, ушундай чечим чыгарганын мекеменин басма сөз кызматы 15-октябрда билдирди.

Маалыматка караганда, Салымбековго 319-берене менен (“Коррупция”) кылмыш ишин козголгон.

Буга чейин Эркин Салымбековдун УКМК тарабынан кармалгандыгы маалымдалган болчу. Бул боюнча атайын кызмат азырынча комментарий берилбей турганын билдирди.

«Кактус Медиа» Салымбеков 12-октябрда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин жазган. 24.kg агенттигинин маалыматы боюнча, ага бажыдагы мыйзамсыз схемалар боюнча айып тагылууда.

Эркин Салымбеков «Дордой-Дыйкан» базарынын директору. Ишкер Аскар Салымбековдун иниси.

Автор Т-медиа 10875 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*