Алтынбек Абдувапов салык кызматына төрага болуп дайындалды

Алтынбек Абдувапов

Алтынбек Абдувапов Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Тийешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы — Президенттик администрациянын башчысы Акылбек Жапаров 15-октябрда кол койду. 

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Жапаров жаңы төраганы жамаатка ушул күнү тааныштырды.

Акылбек Жапаровдун дагы башка буйругу менен мекеменин мурдагы башчысы Илияз Иманбетов ээлеген кызматынан бошотулуп, аны финансы министринин биринчи орун басары кылып дайындаган.

  • Абдувапов салык тармагында 2011-жылдан бери иштейт;
  • Буга чейин Мамлекеттик салык кызматынын жетекчисинин орун басары болгон.
Автор Т-медиа 11147 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*