Электр жана жылуулук энергиясы үчүн белгиленген тарифтер жарыяланды

Иллюстративдик сүрөт

Энергетика жана өнөр-жай министрлиги Кыргызстанда 15-октябрдан тартып электр жана жылуулук энергиясы үчүн белгиленген тарифтерди жарыялады

Министрлер кабинети бекиткен тарифке ылайык:

  • Калк 700 кВт саатка чейинки электр жарыгы үчүн 77 тыйындан, андан ашса, 2 сом 16 тыйындан төлөйт;
  •  Бийик тоолуу жана шарты катаал аймактарда жашагандар керектөөнүн көлөмүнө карабай, 77 тыйындан төлөйт;
  • Суу чыгаруу менен алектенген станциялар бир киловатт-саат электр энергиясы үчүн 1,09 сомдон (салыктарды эске албаганда) төлөшү керек;
  • Электр транспорту, балдар интернаттары, карылар жана майыптар үйлөрү, диний мекемелер бир киловатт-саат электр энергиясына 1,68 сомдон (салыктарды эске албаганда) төлөйт;
  • Башка мекемелер бир киловатт-саат электр энергиясына 2,52 сомдон (салыктарды эске албаганда) төлөйт;
  • Майнинг-фермалар, алтын, металл иштеткен фабрикалар жана ичимдик өндүргөн ишканаларга бир киловатт-саат электр энергиясын 2,52 сомдон сатуу сунушталып жатат. Бирок белгиленген коэффициенттен ашып кеткен учурда 5,04 сомдон төлөйт;
  • Куюучу, эритүүчү цехтер бир киловатт-саат электр энергиясын 3,78 сомдон алат (салыктарды эске албаганда);
  • Цемент заводдору бир киловатт-саат электр энергиясын 3,28 сомдо сатып алат (салыктарды эске албаганда).

Жылуулук энергиясына болгон тарифтер:

  • Калк үчүн жылуулук энергиясы үчүн тариф бир гигакалориясы 1 134,76 сом болуп сакталат;
  • Ысык суу үчүн тарифи бир гигакалориясы 981,76 сом деңгээлинде сакталат.

Калган колдонуучулар үчүн сунушталып жаткан тариф

  • Жылуулук энергиясы үчүн тариф — бир гигакалориясы 1 802 сом (азыркы баасы 1 695,1 сом);
  • Ысык суу үчүн тариф — бир гигакалориясы 1 802 сом.
Т-медиа
Автор Т-медиа 6304 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо