
Талас облусундагы Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 61-чакырымында (Кара-Ой айылы) 15-октябрдын кечинде жол кырсыгы болуп, сегиз адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Кырсык саат 22:54 чамасында жүз берген. «Хонда-Степвагон» менен «ДАФ» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаалар кагылышкан. Натыжайда жети эркек киши жана бир аял көз жумду. Алардын аты-жөндөрү такталууда.
3-октябрдагы акыркы эсеп боюнча Кыргызстанда сегиз айда 4637 жол кырсыгы катталып, былтыркы жылга салыштырмалуу кырсыктар 30% көп болду. 500 киши жол кырсыгынан каза болду, 500 миңден көп эреже бузуу катталып, 8 миң айдоочу мас абалында кармалган.
Оставьте первый комментарий