Жапаров: президенттик администрациянын түзүмү менен иши толугу менен өзгөрөт

Сүрөт: Министрлер кабинети

Президенттин администрациясынын түзүмү жана иши толугу менен кайрадан каралып чыгат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы — Президенттик администрациянын башчысы Акылбек Жапаров айтты.

Жапаров 16-октябрда администрация кызматкерлери менен өткөргөн жыйында өзүнүн мамлекеттик кызматтын бардык тепкичтерин басып өткөнүн эске салган жана администрациянын ишин жакшы түшүнөрүн белгилеген.

«Иш процессин уюштуруу принциптерин ыкчам жана натыйжалуу чечимдердин кабыл алынышы максатында толугу менен карап чыгуу зарыл. Бир дагы документ президенттин администрациясында «кептелип» калбашы керек. Ар бир кызматкер кесипкөй сапаттарга ээ болуп, мамлекеттин келечеги үчүн командада ыкчам, ырааттуу жана толук кандуу иш алып барууга тийиш», – деген Жапаров.

Ал алдыда масштабдуу социалдык, экономикалык, технологиялык милдеттерди чечүү зарыл экенин айтып, мамлекеттик башкарууга жаңыча мамиле кылууну талап кылды. Ошондой эле Акылбек Жапаров амбициялуу пландарды ишке ашыруу үчүн ишинин натыйжасы билинбеген тутумдан баш тартып, жогорку деңгээлдеги кесипкөй адистерден турган мобилдүү администрация түзүү мезгили келгенин кошумчалаган.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6304 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо