Үй-бүлө отунун өчүшүнө эмне себеп?
Улуттук статистика комитетинин маалыматында 2020-жылы өлкөдө 40 миңге жакын жуптун никеси расмий каттоодон өтсө, 9 миңден ашуун үй-бүлөнүн очогу бузулган. Ажырашуулардын көбү Бишкекте, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облусунда катталган. Айрым үй-бүлө 1-2 жылга жетпей ажырым жолго түшсө, 30 жылдан ашык чогуу жашаган жубайлар арасында да эки жолду тандагандары жок эмес.
«Тоюм күнү "ажырашкан кыз" деген атка кондум»
сүрөт интернеттен алынды
Айнура 20 жашында жеңеси тааныштырган жигитке турмушка чыгууга макулдугун берген. Кудалар таанышып, калың, сеп бычылып, той күнү белгиленет. Кыз узатуу Айнуранын айылында болсо, той Оштогу мейманканалардын биринде өткөн.
«Жеңем тааныштырган бала менен бир айдай эле сүйлөшүп, үйлөнөбүз дедик. Ал менден 4 жашка улуу эле. Ата-энем айылдан той беришти. Мен турмушка чыга турган бала шаарда жашагандыктан экинчи тойду Ошто кылдык. Мейманканада кудалар сөздүн айынан катуу урушуп, бири-бирине кол көтөргөнгө чейин барышты. Биз аталарыбызга болушуп сөзгө келип калдык. Ачууланып ал (жолдошум) мага ошол жерден талагын берди. Бири-бирибизди жакшы билбегендиктен, тоюм күнү ажырашкан деген атка кондум»,- дейт Кара-Кулжа районунун тургуну Айнура.
Гүлмира айымдын тагдыры Айнураныкына окшобойт. 4 уулду эрезеге жеткирип, 30 жыл бирге түтүн булаткан жолдошу экөө ажырым жолго түшкөн. Жашы бир топко барганда ажырашууга кызганыч, түшүнбөстүк себеп болгонун айткан каарманыбыз учурда балдары үчүн кабатыр болорун айтты.
Жолдошум коңшу-колоң, жада калса туугандарынан кызганып, жашыбыз ортолоп калса да урат эле. Балдар үчүн чыдап жашадым. Акырында сабырым түгөп, өзүм үчүн жашайм деп качып кеттим. Кайра жарашуу оюмда жок. Кордук көргөн күндөрүмдү эстегим келбейт. Балдарымдын келечеги түйшөлтөт. Алардын жашоосунда «ажырашуу» сөзү болбосо экен деп тилейм.
Гүлмира
Кыргызстанда 2021-жылдын 20-сентябрына карата 7665 үй-бүлөлүк зомбулук окуясы катталган. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.
Өлкөдө жыл башынан бери бир нече аял өз жанын кыйган. Каза болгондордун жакындары үй-бүлөлүк зомбулук себепчи дешет. Бирок, көпчүлүк учурда суицид деп катталат. Мисалы, ушул жылдын январь айында Ысык-Көлдө эки келиндин өлүмү суицид катары катталган. Алардын үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып жүргөнү айтылган. Жалал-Абадда да 23-апрелде Күнсулуу Эшботоева үйүнүн короосунда асынган абалда табылган. 24 жаштагы беш баланын энесинин өлүмүн жолдошу, кайын-журту өз өмүрүнө кол салды дегени менен, Күнсулуунун апасы кызы үй-бүлөлүк зомбулуктан көз жумганын айткан.
Ажырашуу барган сайын көбөйүүдө. Акыркы он жылда эле никеге тургандар азайып, ажырашуулар көбөйгөн.
2020-жылы Ош облусунда никеге тургандар көп катталса, Бишкекте ажырашкандардын саны өскөн.
Ажырашпоо үчүн үй-бүлө туура курулушу керек!
сүрөт интернеттен алынды
«Ак-Жүрөк» кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асилбекова көпчүлүк жаштар үй-бүлө курууда кайдыгер мамиле кылып жатканын айтат. Эки жаш бири-бири тууралуу толук маалымат албай туруп, кыска убакытта үйлөнүп, мүнөздөрү төп келишпей ажырашкандар көп. Үй-бүлө сакталып калуу үчүн балдарга жаштайынан тартып, өзүн, коомду, дүйнөнү таанытууну үйрөтүү керек дейт. Жаштарды жоопкерчилик менен үй-бүлө курууга чакырат.
Биздин жаш кезибизде ажырашкан адамды жакшы мамлекеттик жумуштарга алчу эмес. Азыр бул нерсеге маани берилбегендиктен, эки жолго түшкөн жубайлар көп деп ойлойм. Үй-бүлөнү сактап калуу үчүн кызга да, балага да үй-бүлө эмне экендиги тууралуу түшүнүк берүү керек. Адам өзүн тааныган соң, баланын, ата-эненин, үй-бүлөлүк жашоонун баалуулугун билип, очогун сактап калат.
Дарика Асилбекова
«Ак-Жүрөк» кризистик борборунун жетекчиси
Психолог: "Көнүп кетем, жашап кетем" деп турмуш куруу туура эмес
сүрөт интернеттен алынды
Психологдордун изилдөөсүнө таянсак ажырашуунун негизги себептерине шашылып үйлөнүү, зордук-зомбулук, ала качуу, миграция, кыянатчылык, материалдык жетишпегендик, балалуу боло албоо, ичкилик жана кайнене-келин маселелери кирген. Көпчүлүк учурда жуптар бири-бирин толук тааныбай туруп, турмуш куруп, ойлогон ойлору, максаттары туура келбей калбей калышы мамилени жабыркатат.
Ажырашуу - үй-бүлөдөгү эң чоң бактысыздык. Бул ажырашкан түгөйлөргө, алардын балдарына эле эмес жалпы коомчулукка, мамлекетке да терс таасирин тийгизет. Жылуу очокту сактап калууда жубайлар бири-бирин түшүнүүгө аракет кылып же психологго, кризистик борборлорго кайрылуу сунуш кылынат.
Үй-бүлөнү сактап калуу үчүн жубайлар бирге аракет кылышы керек. Жаш жубайлар болсо ата-энелери да акыл айтканы оң. Ажырашуу оңой. Артында оор сөздөр, башкача тагдыр болот. Көбүнчө ортодогу балдар кыйналат. Бири-биринен күнөө издебей, адам өз-өзүнө суроо берип, жообун анализдөө керек. Ортодо түшүнбөстүк, чыр чыкса ачык сүйлөшүп, таасир бербесе психологго кайрылууну сунуштайм.
Дөөлөткан Кабыкова
Ажырашуунун алдын алуу аракеттери
сүрөт интернеттен алынды
Россияда пандемия убагында ажырашуу кескин көбөйгөн. Үй-бүлөнү сактап калуу үчүн аймактарда түрдүү окутуулар уюштурулуп, "Түбөлүккө бирге – үй-бүлөлүк жашоонун эң бийик максаты" аталышындагы долбоору иштей баштаган. Мындан жөрөлгө миңдеген жубайлардын үй-бүлөсүн сактап калууга жардам берген. Сот бөлүмдөрүнүн имараттарында жарашуу бөлмөсүн түзүү анда жубайлар баарлашууга мүмкүнчүлүк алышып, ойлору өзгөргөн фактылар болгон.
Өзбекстанда 2020- жылы 28 миңден ашкан жубайлар ажырашкан. Мамлекет башчысы махаллаларда үй-бүлөлүк жашоого даярдануу боюнча кыска мөөнөттүү курстарды уюштурууну жана аларга психологдорду дайындоону, ошондой эле "Үлгүлүү үй-бүлө" сынагын өткөрүүнү сунуштап, ишке ашырууну тапшырган.
Казакстанда "үй-бүлөлүк тарбия жана коргоо борборлору" ачылган. Андай борборлордо никелешүүгө арыз менен кайрылгандар атайын даярдыктан өтүшөт. Үй-бүлө курууда эмнелерге маани берүү керектигин биле алушат. Мындан сырткары мыкты үй-бүлөлөрдү аныктаган сынактар, никедеги бактылуулук тууралуу изилдөөлөр жүргүзүлүп турат. Мыкты үй-бүлөлөр коомчулукка үлгү катары көрсөтүлөт.
Бишкек жана Чүй облусунда ажырашууга арыз бергендер акыркы 10 жылдан бери алдыңкы сапта турушат. Ал эми никеге туруу боюнча Ош, Жалал-Абад облустары алдыда.
Автор
Зыягүл Болот кызы
Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана FHI360 уюмунун каржылоосу менен Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн Медиа-К долбоорунун колдоосунда ишке ашырылды. Материалда айтылган пикирлер Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көз карашына дал келбеши да мүмкүн.