Кыргызстанда жаштарга арналган «Экоадам» онлайн-марафону өтөт

Кыргызстандын жаштары үчүн Instagram жана TikTok платформаларында «Экоадам» онлайн марафону өтөт. Иш-чара 25-октябрдан 31-октябрга чейин болот. 

Онлайн-марафон жаңы медиа форматтары аркылуу коомчулуктун көңүлүн экологиялык маселелерге жана климаттын өзгөрүшүнө буруу үчүн өтөт. Анда Кыргызстандын суу, аба көйгөйлөрү, климаттын өзгөрүшү, адамдарга тийгизген таасири, аң-сезимдүү керектөө, адамдар жана айлана-чөйрө боюнча талкуу жүрөт. Бул иш-чараны экологиялык көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору тууралуу үч жылдан ашуун убакыттан бери онлайн платформалар аркылуу айтып келе жаткан жаш экоактивист жана медиа адиси Исмаил Карыпов уюштурууда.

«Экомарафон толугу менен экологиялык көйгөйлөрдү чагылдыруу аркылуу ой жүгүртүүнү жана кадимки жашоону өзгөртүүгө багытталган. Жеке тажрыйбамдан улам көйгөйлөрдү чагылдыруу жана эко-адаттарды киргизүү менен жогорудагы маселелерди чечүү жолуна түшөт деп айта алам», — дейт Исмаил Карыпов.

Онлайн марафондун башталышы жана толук маалыматтар боюнча Исмаилдин «Инстаграмдагы» баракчасынан алсаңыз болот.

“Бүгүн кеч” долбоорун IDEA Central Asia Сорос-Кыргызстан Фондунун колдоосу менен ишке ашырууда.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6304 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо