БШК: бир мандаттуу округдан 381 адамдын 51и талапкер болуп катталды

Парламенттик шайлоодо бир мандаттуу округдан ат салышууну каалаган 381 кишинин 51и талапкер болуп катталды. Бул 17-октябрга карата Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Боршайкомдун маалыматы боюнча, арыздарды кароо, документтерди текшерүү жана талапкер кылып каттоо 29-октябрда аяктайт. Бир мандатуу округдан талапкер болуу үчүн арыз бергендердин 379у өзүн-өзү көрсөткөн. Сегиз кишини саясий партиялар сунуштасган. Талапкерлердин 350сү эркек, 31и аял.

Шайлоого катышуу ниетин билдирген 70тен ашуун партиянын 23ү талапкерлердин тизмесин аныктады. Партиялар 18-октябрга чейин тийиштүү документтерин БШКга тапшырат.

Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрда өтөт. Партиялык тизмеде 54, бир мандаттуу округдан 36 депутат шайланат.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6304 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо