Кыргызстанда коронавирус илдетине каршы вакцина алгандардын саны эмделүүчү элдин 22 пайызын гана түзөт. Эмдөөгө ишенимдин аздыгына эмне себеп?

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча учурда ар бир бешинчи кыргызстандык эмделген. Маалыматка ылайык вакциналардын дозасы жетиштүү. Бирок ал тууралуу түрдүү пикирлердин көптүгүнөн улам кооптонгондор арбын.
COVID-19 вирусу 2019-жылы Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон. Кыска аралыкта дүйнө жүзүн каптап, 223 млн ашуун адам ооруга чалдыкты. Жалпы 4,7 млн ашуун кишинин өмүрүн алды.

Оору чыккандан көп өтпөй эле дүйнөлүк адистер ага каршы вакцина иштеп чыгууга киришкен. Ушул тапта жүздөн ашуун вакцина коронавируска каршы сунушталууда. Бирок ДССУ (Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму) аркылуу текшерилип, атайын сертификатка ээ болгондору саналуу.

COVID-19 вирусуна каршы эмдөө өнөктүгү быйыл март айынын аягында башталган. Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын маалымдашынча, азыр Кытайдын Sinopharm, Орусиянын "Спутник V" вакциналары, Европадан COVAX программасы менен алынып келген AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө жүрүп жатат. Учурда эмделгендердин саны 1,5 миллиондон ашты.

Вакциналарга карата кооптонуулар айрым эмдөөдөн өткөн жарандардын дене-табы көтөрүлүп, организмдеги өзгөрүүлөрдөн улам болууда. Адистер болсо бул кадимки эле көрүнүш экенин белгилешет. Иммунолог адис Диляра Исхакованын айтуусунда эмдөө алган адамдын организминде вакцина антителону пайда кылып, коронавирус инфекциасына каршы иммунитетти көтөрөт. Вакцина сайдырган адамда оору жеңил өтөт.
Диляра Исхакова
Иммунолог
Негизи вакцинация коронавирус инфекциясына каршы иммунитетти көтөрөт. Ар кандай вакциналар бар ал эми Кыргызстанда калкты эмдөөдөн өткөрүп жаткан Sinofarm, AstraZeneca, Sputnik V вакциналары дагы башка вакциналар сыяктуу эле иммунитетти чыңдайт дагы организмге киргенде антителаларды пайда кылат. Эмделген адам ооруган күндө дагы жеңил түрдө өтүп кетет.
Мурдараак коронавирус тууралуу фейк маалыматтар желдей тарап коомчулукту дүрбөткөн учурлар катталган. Алардын чын-бышыгын Factchek.kg порталынын журналистери аныктап бир канчасынын бетин ачууга жетишкен.
Бишкек шаарынын тургуну Бакыт Жанаралиев эмдөөдөн коркуп жатканын билдирди.
Биринчиден убактым жок, экинчиден кооптонуп жатам. Анткени ар кандай вакциналар болуп жатат. Кандайдыр ишенбестик жаралууда. Ошондуктан эч кандай түрткү болбой турат. Өзүм ооруга чалдыккан жокмун. Эгерде алдыда эмдөөнүн жыйынтыгы жакшы чыкса элдерде, ошол вакцинаны алышым мүмкүн.
Эндокринолог Самат Асаналиев фейсбуктагы баракчасы аркылуу эгер эмдөө мажбурлоосуз жүргүзүлүүсү зарыл деген пикирде. Ал тиешелүү мамлекеттик органдар эл ичинде түшүндүрүү иштерин жүргүзө албагандыктан элде ишеним жоктугун белгилөөдө.
Вакцина албагандардын бир бөлүгү — буга чейин коронавирус илдети менен ооругандар. Дарыгер Асель Теңизбаева "вирус жуктуруп, айыккан адамдар кайрадан оорубайт, эмдөөдөн өтпөй эле койсо болот" деген пикирлерди четке какты.
-Коронавирус менен ооруган адамдардын көпчүлүгү ооруга чалдыккандан кийин кайра оорубайм деген ойдо болушууда. Бул туура эмес. Анын организминде антитела иштелип чыгышы мүмкүн баары ойлогондой. Бирок, кандайдыр убакыт өткөндөн кийин ал антитела түшүп кайра вирус жуктуруп алышы мүмкүн. Биз аны консультанттын кеңешинен кийин эмдөөдөн өткөрөбүз.
Өлкөдө эмдөөдөн өтүүнү акысыз жарнамалагандар да жок эмес. Алсак Кызыл Ай Коомунун Ош областтык өкүлчүлүгүнүн ыктыярчылары 9-июлдан 25-августка чейин убактылуу ачылган эмдөө пунктарында медицина кызматкерлерине жардам беришти. Анда вакцина алган жарандарды базага киргизип, каттоодон өткөрүштү. Ошону менен биргеликте мобилизациялоо жана маалымат берүүнү да колго алышты. Саамалык дээрлик бир жарым айга чейин созулуп, ыктыярчылар элдин саламаттыгы негизги орунда тураарын көрсөтүштү.
Самаган Турсунбаев
Улуттук Кызыл Ай Коомунун (УКАК) Ош областтык өкүлчүлүгүнүн ыктыярчылар тобунун координатору
2018-жылдын 3-февралда КР УКАК жөнүндө мыйзам чыккан, анда биз мамлекеттин гуманитардык жагынан жардамчысы болобуз. Азыркы мезгилде калктын ден соолугун сактап калуу мамлекеттин приоритеттуу максаты. Ошол себептен, Кызыл Ай Коому активдүү иш жүргүзүүдө. Бизде Кыргызстандын бүт булуң бурчунда жергиликтүү ыктыярчыларыбыз бар. (7 Областда, 38 райондук филиал). Кыргызстан боюнча маалыматтык иш жүргүзүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар. Коронавирус илдетинен тышкары , саламаттыкты сактоо тармагында профилактика туберкулёз, ВИЧ/СПИД, кан донорлорун көбөйтүү, балдарды эмдөөдөн өткөрүү боюнча маалымат иштерин жүргүзүүдөбүз.
Вакцинага үндөөгө арналган атайын флешмобтор уюштурулуп, эмдөөнүн пайдасы боюнча түшүндүрмө видео-роликтер, маалыматтык плакаттар илинип жарнамалоолор жүрүүдө. Бул милдетти коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб мойнуна алган.
Эмдөөнүн дүйнөдөгү абалы
Коронавируска каршы эмдөө боюнча дүйнөлүк рейтингде Кыргызстан 93-орунда турат.

Жалпы дүйнө жүзүндө 2,8 млрд адам коронавируска каршы эмделди. Бул жалпы эмдөө курагындагы элдин 35,% түзөт. Пандемиядан улам 2020-жылы карантиндик чектөөлөр киргизилип, чек аралар жабылган. Вакциналар пайда болуп, эмделгендердин саны өскөн сайын, чектөөлөр азаюуда. Айрым өнүккөн өлкөлөр сырттан келген жарандардан мурдагыдай коронавирус жуктурбаганын тастыктаган ПЦР тесттин ордуна, ага каршы эмделгени тууралуу маалыматты талап кылууга өтүштү.

Былтыркы жылдын март айынан бери Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 179 845 адамга жетти. Бул аралыкта 174 647 адам сакайды. Пандемия башталгандан бери жалпы 2634 адам каза болду.

17-октябрда COVID-19 илдети 70 адамдан жаңыдан аныкталды. Акыркы суткада эки адам илдеттен кайтыш болду. Коронавируска каршы ыкчам штабдын маалыматында экөө тең эмделген эмес.

Ушул тапта 536 адам ооруканада, 526 бейтап үйүндө дарыланып жатат.

Автор: Улукбек Сали уулу
https:t-media.kg
Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана FHI360 уюмунун каржылоосу менен Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн Медиа-К долбоорунун колдоосунда ишке ашырылды. Материалда айтылган пикирлер Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көз карашына дал келбеши да мүмкүн.