Коронавирустан дагы эки бейтап каза болду. Жаңы учурлар 68

COVID-19 акыркы 24 сааттын ичинде дагы эки бейтаптын өмүрүн алды. Илдет дагы 68 кишиден аныкталды. Ошол эле учурда 45 адам айыгып чыкты. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Жаңы учурлардын 54ү Бишкек шаарынан, экөө Чүй облусунан, бирөө Таластан, тогузу Ыссык-Көлдөн, экөө Жалал-Абаддан аныкталган.

Өткөн жылдан бери өлкөдө коронавирус жуктургандардын расмий саны 179 913кө жетти. Анын ичинен айыгып чыккандары 174 692ни түзүүдө. Курмандыктар 2 636.

Учурда стационарда 542 жана амбулатордук түрдө 539 адам дарыланып жатат.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6304 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо