15%ы гана эркек. Кыздарды мугалимге турмушка чыкчудай кылып маянаны көтөрүү реалдуубу?

Сүрөт: T-Media

13-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мугалимдердин маянасын көтөрөбүз деп убадалады. Ал 2022-жылдын башында айлык акы эки эсе жогорулаарын айткан.

Жапаровдун «Маянасын көбөйтүп кыздарды мугалимге турмушка чыкчудай кылабыз» — деген сөзү коомчулукта талкууга алынган. Бирок маянаны эки эсе көтөрүүгө өлкөнүн мүмкүнчүлүгү жетеби же бул куру убадабы?

Улуттук статистика комитетинин маалыматында Кыргызстанда мектепке чейинки, жалпы билим берүүчү, баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү 4 миңден ашык уюмдар иштейт. Аларда жалпы 113 миңден ашык педагог бар. Анын 82 миңден көбүрөөгү мектеп мугалимдери. 

 

Кыргызстанда мугалимдердин 85 пайызын аялдар түзөт. Башкача айтканда ар бир сегизинчиси гана агай. Жалпы окутуучулардын 8 %ы директор жана директордун орун басары кызматында иштешет.

Наргиза Анарбай кызы
Автор Наргиза Анарбай кызы 480 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо