Аким менен мэрлерди президент тарабынан дайындоо боюнча мыйзамга кол коюлду

Президент Садыр Жапаров, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамга кол койду. Ага ылайык, эми Ош менен Бишкек шаарларынын мэри жана район акимдерин президент өзү дайындайт. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Мыйзамга ылайык, аким кызматка президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн консультациясы боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасынын сунушунун негизинде президент тарабынан дайындалат жана кызматтан бошотулат.

Ошондой эле, акимдерге статистика, улуттук коопсуздук, ички иштер жана жергиликтүү аскердик башкаруу органдарынан тышкары аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын аймактык түзүмдөрүнүн жетекчилерин, кызматка дайындоо жана алардын отчетун угуу укугу берилди.

Мындан тышкары, аким айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана райондук маанидеги шаарлардын жетекчилерин кызматка дайындап жана кызматтан бошото алат. Алардын буга чейинки ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 4 жылдан 5 жылга чейин узартылды.

Аким, мэр жана айыл өкмөт кызмат ордуна талапкерлерге мыйзам менен квалификациялык талаптар жана чектөөлөр каралган. Ошондой эле, районду өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык маселелерин комплекстүү чечүү максатында райондук кеңеш түзүлөт.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6304 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо