Акыркы суткада коронавирус дагы эки бейтаптын өмүрүн алды

Бүгүн, 21-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус 114 кишиден аныкталды. Эмдөө албаган эки бейтап көз жумду. Ошол эле учурда 60 адам айыгып чыкты.

COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан маалыматы боюнча жаңы учурлардын 54ү Бишкектен, 36сы Чүй облусунан, төртөө Таластан, 12си Ысык-Көлдөн, төртөө Жалал-Абаддан, дагы төртөө Баткенден аныкталган. 

Жалпы көрсөткүч өткөн жылдан бери 180 223. Айыккандар 174 875. Курмандыктар 2 643.

Учурда ооруанада 640 жана амбулатордук түрдө 560 адам дарыланып жатат.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6343 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо