Кара-Сууда уурдалган 300 миң сом жана зер буюмдар. Шектүүлөр 9 айда кармалды

Кара-Суу районунун эки тургуну каракчылыкка шектелип кармалды. Алар ошол эле райондун тургунунун 300 миң сому менен уюлдук телефон жана зер буюмдарын урдоого шектелүүдө. Окуя ушул жылдын 5-январында болгон. 

Облустук милициянын маалымат кызматынан билдиришкендей, бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, бүгүнкү күнгө чейин кылмыштын бети ачылбай турган. 

«Аталган кылмышты жасаган атуулдардын өздүктөрү такталып, мурда бир нече жолу соттолгон 34 жаштагы Х. Ф. жана 28 жаштагы М. уулу Ф  болууда. Экөө биргеликте жогорудагы кылмыш ишин жасагандыгы аныкталган. Алардын жүргөн жерлери такталып, Ош ОИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалган», — деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери жүрүп, кармалгандар райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Автор Т-медиа 11434 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*