Өз районуна жетекчи боло албайт. Жаңы мыйзам боюнча акимдерге коюлган талаптар жана кеңейтилген укуктар

Жергиликтүү бийлик жөнүндө мыйзам долбоору кайра өзгөртүлүп, бүгүн президент документке кол койдуАнын алгачкы варианты депутаттар арасында сынга кабылган болчу. “Т-Медиа” талаш пикирлерди жараткан мыйзамдагы акимдерге берилген артыкчылыктар кандай жаңыланганын талдап көрдү. 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзам долбоорунда аким, мэр, айыл өкмөттөрдүн ыйгарым укуктары жазылган.

Эл өкүлдөрү колдоп берген долбоордун жаңы нускасында акимдерди кызматка дайындоо тартиби өзгөрдү.

Эми район башчылыгына талапкерлер алгач конкурстан өтүп кадрлар резервине каттоого турушу керек. Алардын арасынан бир жаранды облустагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн көрсөтмөсү менен премьер-министр президентке сунуштайт. Сунушталгандар арасынан талапкерди кызматка 5 жылдык мөөнөткө өлкө башчы дайындайт. Аны иштен алуу укугу да президентке берилген.

Жергиликтүү кадрлар резервине киргизүү үчүн сынак өткөрүү тартибин президент аныктайт.

Алгачкы долбоордогу акимдерге кол тийбестик берүү беренеси алып салынды. 

Талапкерге коюлган талаптар өзгөрдү

Эми акимдик кызматка:

  • жогорку билимдүү;
  • мамлекеттик жана муниципалдык кызматта 7 жыл;
  • анын ичинде жетекчилик кызматта 5 жыл иштеген жаран дайындала алат. Же талапкердин башка тармакта жетекчилик кызматта 7 жылдык стажы болушу керек. 

Мыйзамдын алгачкы сунушталган долбоорунда район башчысына мамкызматта 10 жылдык тажрыйбасы болуу талабы коюлган эле.

Кидер аким боло албайт?

Жаңы долбоор боюнча район башчылык кызматка ошол аймактын жараны дайындала албайт. Мындай талап шаар мэри жана айыл өткөт башчыларына да коюлган. 

Ошондой эле, эми аким айыл өкмөт башчыларын жана райондук маанидеги шаар башчыларын (мэр) конкурстан өтүп кадрлар резервинде турган талапкерлер арасынан дайындай алат. Ал эми облустук жана республикалык маанидеги шаарлардын мэрлерин президент кызматка коёт. 

Буга чейин мэр жана айыл өкмөт башчылары жергиликтүү кеңеш депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү менен шайланчу.

 

Наргиза Анарбай кызы
Автор Наргиза Анарбай кызы 480 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо