Баткенде жоголгон 33 жаштагы жарандын сөөгү ажатканадан табылды

Төрт күндөн бери изделип жаткан Баткен районунун тургунунун сөөгү өз үйүндөгү ажатканадан табылды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Бул кылмышка шектүү катары ошол эле айылдын 31 жана 28 жаштагы тургундары кармалган. 

«Бул факты Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгүнүн  3-пункту өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү фактысына квалификациясы өзгөртүлүп, азыркы күндө тергөө иштери уланууда. Бул иш боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, кармалган жарандар убактылуу кармоо жайына киргизилди», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 3 күн мурун милицияга маркумдун эжеси кайрылган. Ал 17-октябрда саат 22.30дар чамасында Баткен районунун Бужум айылында жашаган өз үйүнөн Жигитали Темирбаев белгисиз тарапка чыгып кетип кайрылып келген эместигин айткан.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6304 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо