
Кыргызстанда билим алган тажикстандык студенттерге өлкөгө кирүүгө уруксат берилди. Мындай чечимди Министрлер кабинети кабыл алганын өкмөт башчынын орун басары Эдил Байсалов «Твиттердеги» баракчасына жазды.
Одним из первых решений нового Кабинета Министров стало открытие границы для студентов из Таджикистана, обучающихся в наших ВУЗах — самого прочного моста дружбы и взаимопонимания между нашими братскими народами. #freekg
— Edil Baisalov (@baisalov) October 21, 2021
Кыргызстан быйыл апрель-май айларында болгон чек арадагы куралдуу жаңжалдан кийин кыргыз-тажик чек арасын бир тараптуу жапкан. Анда кыргыз бийлиги чек ара Тажикстан менен чек ара маселеси чечилмейинче жабык болорун билдирген. Сентябрда Кыргызстандын жогорку окуу жайларында окуган 100дөн ашуун тажик студенттерине Бишкекке келүүгө уруксат берилбей жатканы кабарланган.
Оставьте первый комментарий