Бабаш-Ата тоосунан Көлкупан-Ата көлүнө чейин
Арстанбаптагы ажайып кооздук

Суук түшө баштады. Жайкы эс алууну сагынып жатасызбы? Биз Кыргызстандын кооз жерлеринин бири Арстанбаптагы жайкы аптапта тартылган сүрөттөр менен бөлүшөбүз.

"Т-Медианын" бул жолку сүрөт баяны сизди айтылуу Көлкупан-Ата көлүнө алып барат. Ал Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Арстанбап курортунан 33 чакырым алыстыкта жайгашкан. Көлгө жетүү үчүн биз Бабаш-Ата аттуу тоону айланып өткөнбүз. Дээрлик эки күндүк сапарыбызда бир нече жайдын кооздугун сүрөткө түшүрдүк.
Көлкупан-Атага Арстанбаптагы ыйык деп эсептелген, белгилүү жайлардын бири. Ага алып барган жол узак жана кыйын болгондуктан сапарга ат менен чыкканыңыз жакшы. Жолдо Бабаш-Ата тоосуна чейин Онтомо, Таш-Коро аттуу ашууларды айланып өтүү керек.
Бул кооз жаратылышты жандай Арстанбаптын тургундары жашайт. Кызыгы жергиликтүүлөр өздөрүн "шейх" деп аташат. Себеби алар ислам динин Кыргызстандын аймагына алып келген алгачкы араб эли ушул аймакты байырлап калган деген ишенимде.

Бул жерге келгендерди бир жагынан жаратылыштын кооздугу кызыктырса, экинчи тарабынан дал ушул жашоочулардын тарыхы тартат.
Арстанбаптан чыгып, биз сапар алган көлгө бир күндө жете алган жокпуз. Дээрлик 6 саат жол жүрүп жолдо эс алуу үчүн токтодук. Бул жайлардын түнкү көрүнүшү да туристтерди тартып турат.
Көлкупан-Ата көлүнө жеткенге бир саат калганда Айнек көлүнө кезигесиз. Анын сулуулугу биз бараткан ыйык көлдөн калышпайт.
Жалпы Арстанбаптан 33 чакырым аралыкты басып, деңиз дэңгээлинен 2900 метр бийиктикке чейин көтөрүлүп айтылуу Көлкупан-Ата ( Көл-Мазар) көлүнө жетесиз.
Көлкупан-Атага элдер зыярат кылып, куран окутканы келип турушат.
Биздин сапарыбыз дал ушул ыйык көлдө бүтөт. Эгер бул жайларда эс алууну кааласаңыз канча чыгым сарптаса болоорун төмөндө түшүндүрүп беребиз.
Туристтердин эсине

Арстанбапка эс алууга баруу үчүн сапарга канча чыгып кетээрин санап көрөлү:

  • Жалал-Абад шаарынан Арстанбапка такси – 200 сом;
  • Базар Коргондон кетсеңиз 80мсом;
  • Конок үйү бир кишиге 500-1000 сомго чейин;
  • Жатаканалар 200 дөн башталат.
  • Ички туристтерге конок үй 3 маал тамагы менен 1000 сом;
  • Тамак аш каралбаса 500 сом.
Эгер тоо арасында эс алууну кааласаңыз:

  • ГИД жалдоо 1500-2000 чейин;
  • Тамак жасап берүү үчүн ашпозчу 1500 сом;

Көлкупан-Атанын жанына жергиликтүүлөр атайын түнөгөнү ыңгайлуу кылып жатакана, казан-аяк, идиш-табак уюштуруп койгон. Мунун баары акысыз. Болгону өзүңүз отун терип келип тамак бышырып аласыз да колдонуп болгон соң баарын жууп-тазалап өз жайына коюп коёсуз.
Автор
Наргиза Анарбай кызы
Улукбек Сали уулу
Сүрөттөрдүн автору: Кудайберди Дыйканов

https://t-media.kg/