
COVID-19 илдетин акыркы суткада 125 киши жуктуруп алды. Оору дагы 4 бейтаптын өмүрүн алды. Ошол эле учурда 59 адам айыгып чыкты. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Жаңы учурлардын аймактар боюнча саны:
Бишкек — 58;
Ош шаары — 3;
Чүй облусу – 36;
Ош облусу – 5;
Талас облусу — 2;
Нарын облусу — 1;
Ысык-Көл облусу – 12;
Жалал-Абад облусу – 4;
Баткен облусу — 4.
Өткөн жылдын 18-мартынан бери өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 180 348ге жетти. Анын ичинен айыгып чыккандар 174 934. Курмандыктар 2 647.
Учурда ооруканада 639 жана амбулатордук түрдө 622 адам дарыланып жатат.
Оставьте первый комментарий