УКМК: Кара-Кулжада өзбек жарандарына жасалма паспорт берген адис кармалды

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа райондук калкты каттоо жана паспорттоштуруу бөлүмүнүн башкы адиси Өзбекстандын жарандарына паспорт берген деген шек менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.

«Шектүү кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Өзбекстандын эки жаранына жасалма документ алып бергени үчүн белгилүү бир акчалай сый акы алган. Факт боюнча Жазык кодексинин 320 («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») жана 330-беренелери («Паспортту мыйзамсыз берүү») менен сотко чейинки тергөө башталды. Кармалган адам УКМКнын тергөө абагына киргизилди», -деп айтылат маалыматта.

Атайын кызмат учурда чет өлкөлүк жарандарга мыйзамсыз документ берүү фактыларын аныктоо боюнча тиешелүү иштер улантылып жатканы кошумчалады.

Автор Т-медиа 11434 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*