Быйыл коррупцияга каршы күрөштөн казынага 7,5 млрд сом кайтарылды

Президент 23-октябрдагы маалымат жыйында быйыл коррупцияга каршы күрөштүн алкагында 894 иш соттук териштирүүгө алынганын билдирди. Анын негизинде бюджетке 7,5 млрд сом кайтарылган.

Ошондой эле, мамлекет башчы, коррупцияны токтотуу үчүн президенттин алдында антикоррупциялык кеңеш түзүлгөнүн маалымдады.

«Кызматкерлердин ээлеген кызматы жана абалына карабай катаал саясат жургүзүлүп жатат. Жакында антикоррупциялык кеңештин биринчи отуруму өтөт» — деп билдирди өлкө башчы.

Эске салсак, бүгүн Садыр Жапаров журналисттерге жылдык маалымат жыйын куруп жатат.

Наргиза Анарбай кызы
Автор Наргиза Анарбай кызы 480 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо