Кыргызстанга коронавируска каршы Pfizer BioNTech вакцинасы келет

Кыргызстанга 27-октябрда KOVAX эл аралык механизминин алкагында Pfizer BioNTech вакцинасы келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди. 

Маалыматка караганда, Алымкадыр Бейшеналиев 22-октябрда Республикалык иммунопрофилактика борборуна барган. Ал жерде вакцинаны кабыл алып, сактоо жана жер-жерлерге ташуу үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты.

Ошондой эле, министрге KOVAXтын жардамында алынган төмөнкү температураны кармоочу 4 муздаткычтын техникалык өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалымат берилген.

Быйыл январь айында Кыргызстан Pfizer вакцинасын сактоо үчүн муздаткыч жок болгондуктан анын акысыз берилмекчи болгон 1,2 млн дозасынан баш тарткан. Кийин 1-октябрда ЮНИСЕФ уюмунун колдоосу менен 4 муздаткыч алынды.

Наргиза Анарбай кызы
Автор Наргиза Анарбай кызы 480 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо