«Мадумаров 49 жылга ижарага алган». Президент кыргыз-тажик чек арасы боюнча маалымат берди

Кыргыз-тажик чек арасында үч талаштуу тилке бар. Учурда Төрт-Көчөдө 275 метр жер жана Ворухка кеткен жол тартыш болуп жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн жылдык маалымат жыйынында билдирди. 

Өлкө башчы Баткенде чек арада куралдуу жаңжал чыкканга чейин, ал жердеги талаш тилкелер боюнча документтерден кабары жок болгонун айтты.

«Бул 30 жылдан бери чечилбей келе жаткан маселе экен. Куралдуу жаңжал чыкканга чейин өзбекстан менен чек араларыбызды такташып келе жатканбыз. Өзбекстан менен бүткөндөн кийин Тажикстанга өтөлү дегенбиз. Кийин май айында УКМКдан өкмөттөр аралык комиссиянын кагаздарын алдырып келип карай баштадым. Ал жерде үч талаш-тартыш маселе бар экен. Анын бири Төрт Көчө. Жака өрүк менен Көк Таштагы 275 метр жер. Андан кийин Ворухка кеткен жол. Үчүнчүсү Баткен менен Лейлек районунан талаш жерлер бар» — деди президент.

Ал Төрт-Көчөдөн 2009-жылы Адахан Мадумаров Коопсуздук Кеңешин жетектеп турганда 275 метр жерди Тажикстандыкы деп таанып, 49 жылга ижарага алып туруу боюнча документке кол коюп бергенин маалымдады. Айтымында учурда бул документти жокко чыгаруу үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

«Ушул протокол менен ижарага алгансыңар, 12 жылыңар бүттү 37 жылдан кийин же жабабыз же сүйлөшүүлөрдүн негизинде узартабыз деп жатат. Мен «ал убакта Мадумаровдун кол койгонго акысы болгон эмес» деп каршы болуп жатам. Сенде күнөө кетип жатат, бүгүн эле чеч десеңер чечип коё берем. 37 жыл деле көз ачып жумганча өтүп кетет». 

Андан сырткары, Лейлек менен Баткенде 210 миң гектар Кыргызстандын карамагандыгындагы жер талаш болуп жатканын белгиледи.

«1924-жылы бул жерлер силерге өтүп кеткен деп, ушул жерди сурап жатышат. Биз ушул эле жылы Мургаптагы 3 млн гектар жер аларга өткөнүн айтып берүүдөн баш тартып жатабыз. Ушул маселе болуп жатат. Эки жактын тең кызыкчылыгын эске алып чечебиз» — деди Жапаров.

Президенттин айтымында учурда аталган маселелерди чечүү боюнча өкмөттөр аралык комиссия иштеп жатат.

Наргиза Анарбай кызы
Автор Наргиза Анарбай кызы 480 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо