Көмүр дагы кымбаттады. Аймактардагы баа

Улуттук статистика комитетинин 21-октябрга чейинки мониторинги боюнча Кыргызстанда көмүрдүн орточо баасы дагы жогорулады. Кара алтындын бир тоннасы былтыркы жылга салыштырмалуу 832 сомго кымбат.

Өлкөдө эң арзан көмүр Балыкчы шаарында катталып, бир тонаасы 4 000 сомду түздү. Эң кымбат Ноокатта 9 486 сомдон. Андан кийин Баткенде бир тоннасы 9 миңди чамалады.

Өлкөдө көмүрдүн баасы октябрь айынын башынан бери көтөрүлүп жатат. Сатуучулар муну казылган кара отундун аздыгына жана күйүүчү майдын кымбаттыгына байланыштырышкан. 12-октябрда өкмөт бааны бир темпте кармап туруу үчүн 90 күндүк мөөнөткө убактылуу жөнгө салуу киргизген. 

Наргиза Анарбай кызы
Автор Наргиза Анарбай кызы 480 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо