«Мекенчил» менен «Мекеним Кыргызстандын» талапкерлери. «Ата Журт Кыргызстандын» тизмегин текшеребиз

"Т-Медианын" коллажы/ Наргиза Анарбаева

10-октябрда»Ата-Журт Кыргызстан» партиясы курултай өткөрүп, 54 талапкердин тизмесин жарыялады. 

«Т-Медиа» тизмекке саресеп салып, анда учурдагы депутаттар, коррупциянын «символу» делген Раимбек Матраимовдун жана бийликтин тарапташтары бар экенин аныктады. 

Мурдагы «мекенчилдер»

Жокко чыгарылган парламенттик шайлоого «Мекенчил» партиясынан талапкерлигин койгон кандидаттардын сегизи бул ирет «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен катышканы жатат. Саясий бирикмени шайлоого партиянын жетекчиси жана лидери Айбек Маткеримов баштап барат. Ал 2020-жылдагы Жогорку Кеңешке шайлоодо «Мекенчилден» талапкер болгон.

Мурдагы шайлоодо «Мекенчилден» талапкер болгон Бактыяр Калпаев да эми «Ата-Журт Кыргызстанда». Соңку парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан кийинки башаламандыкта облустарда жергиликтүү бийлик талашка түшкөн. Ошол убакта Калпаев өзүн өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүмүн деп жарыялаган. Бирок аны бийлик бекиткен эмес. Кийин облустун ошол маалдагы губернатору Алишер Абдрахманов кайрадан жумуш ордуна кайтып келген. 

Дагы бир «мекенчил», коомчулукта Камчыбек Ташиевдин досу деп айтылып келген Жеңишбек Токторбаев да «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын тизмесине илинген. Токторбаев 2013-жылы «Ата-Журттун» аймактагы жактоочулары Медер Үсөнов, Шайырбек Ташиев жана Абсатар Сыргабаев менен бирге «бийликти күч менен басып алган», «күч менен басып алууга чакырган» жана «массалык башаламандык уюштурган» деп күнөөлөнүп, 3 жылга шарттуу кесилген. Соттолуучулар бул айыптарды четке кагышкан болчу. Жалал-Абад шаардык соту аталган иш боюнча «Т-Медиага» буларды айтып берди:

«Жогорку Соттун 2021-жылдын 24-майындагы токтому менен Жалал-Абад шаардык сотунун 2013-жылдын 6-ноябрдагы өкүмү, облустук соттун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2013-жылдын 13-декабрындагы өкүмдөрү жокко чыгарылды. Жазык иш башка курамда кароого Жалал-Абад шаардык сотуна жиберилген. Бүгүнкү күндө Жеңиш Токторбаевдин иши соттук кароого 2021-жылдын 2-ноябрь күнү саат 14:00гө дайындалган»,  -деп билдирди соттон.

Популисттик убадалардын ээси Төрөбаев

Партиянын алдыңкы бештигинде “Өнүгүү-Прогресстин” лидери Бакыт Төрөбаев да бар. Politmer.kg сайтынын маалыматына ылайык, ал 2015-жылы шайлоого аттанганда берген убадаларынын көбүн аткарган эмес. Эки жыл ичинде 61 ишкана ачып, 61 миң адамды иш орду менен камсыз кылууну убадалаган. Мындан тышкары Кыргызстанды жакырчылыктан чыгарып, ондогон чакан ГЭСтерди куруп, күн жана шамал электр энергияларынын альтернативдүү булактарын өндүрмөк. 

Жогорку Кеңештин 7 депутаты

Партияда эл өкүлдөрүнөн Төрөбаев эле бар десеңиз жаңылышасыз. Тизмеде Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын жети депутаты парламентке кайра барсак деп турушат. Талапкерлердин тизмесинде Жогорку Кеңештин депутаты Замирбек Эсенаманов (“Кыргызстан”), Талайбек Масабиров («Кыргызстан»), Пархат Түлендыбаев («Республика — Ата-Журт»), Жаныбек Исаев («Кыргызстан»), Самат Исманов («Республика — Ата-Журт») жана Мейкинбек Абдалиев («Өнүгүү-Прогресс») бар. Мындан тышкары мурдагы эл өкүлдөрүнөн Бахтияр Кадыров (БШКнын экс-мүчөсү), Надира Нарматова («Ата-Журт»), Кубанычбек Кадыров, Камила Талиева, Турсунбай Бакир улуун да учуратууга болот. 

Мэриядан Жогорку Кеңешке бет алган Сарыбашов

Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда беделдүү кызматтарды аркалаган Ош жана Бишкек шаарларынын мурдагы мэри Таалайбек Сарыбашов да ушул партиянын талапкери. Тизмеде ал бешинчи номерде көрсөтүлгөн. 

Сарыбашов 2015-жылы өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген. Ага чейин Алай районунун акими болчу. 2018-жылы болсо Ош шаарынын мэри кызматына жалгыз талапкер болуп, 44 депутаттын колдоосу менен калааны башкарып калган. Буга чейин анын кош жарандыгы бар экени жана диплому жасалма экени айтылып келген. Бирок бул маалыматтарды ал өзү четке кагып келүүдө.

Бишкек шаарына мэрдин милдетин аткаруучу болуп 2-октябрда дайындалган Таалайбек Сарыбашов өз каалоосу менен кызматтан кеткенин 12-августта социалдык түйүндөр аркылуу жарыялаган. Ал өз сөзүндө ага ишеним көрсөткөнү үчүн президент Садыр Жапаровго рахматын айтып, “кызматты тапшырууда эч кандай саясат жок экенин” айткан.

Үстүбүздөгү жылдын март айында Сарыбашовдун Бишкек шаарында салынып жаткан хан сарайы талкууга түшкөн. Ал борбор калаада үч кабаттуу үй куруп жатат деген видео 6-мартта тараган. Мындан сырткары, автор үй Сарыбашовдун бир тууган эжесине катталганын айткан. Бирок, Ош шаардык мэриясынан аталган хан сарайдын Сарыбашовго тиешеси жоктугун билдиришкен. 

Партиянын алдыңкы бештигинин катарында экс-вице-премьер-министр Равшан Сабиров, өкмөттүн Соттук өкүлчүлүк борборунун директорунун орун басары Жамиля Исаева, Кыргызстандын футбол бирлигинин мурдагы президенти Канатбек Маматов да бар.

«Мекеним Кыргызстандан» «Ата-Журт Кыргызстанга» ооп келгендер

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын курамынын 14%ы же жети талапкери 2020-жылы «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен парламенттик шайлоого катышкан. Мисалы, Каныбек Нарбаев — «Мекеним Кыргызстан” партиясынын 116-тизмесинде шайлоого барган. Ал 2013-жылга чейин Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык агенттигинин башчысы болуп турган.

Ырчы Бек Борбиев да «Ата-Журт Кыргызстандын» туусун көтөрүп баратат. Былтыр шайлоодо «Мекеним Кыргызстандын» 110-тизмеде орун алган. Ал «Мекеним Кыргызстандын» гимнин жазган. БШК Борбивге партияны үгүттөгөнү үчүн 7500 сом айып пул салган. Ошондой эле «Бир Бол» партиясынын да ыр арнаган. 

Дагы бир «мекенимчил» Гулшаркан Култаева да «Ата-Журт Кыргызстан» партиясында. 2020-жылдан бери «ОсОО Транс визит» компаниясына жетекчилик кылат.  Былтыр жыйынтыгы жокко чыккан парламенттик шайлоодо «Мекеним Кыргызстандын» 24-тизмесинде шайлоого катышкан.

Арсланбек Эгембердиев- «АККА Петролеум» компаниясынын негиздөөчүсү жана жетекчиси. Парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясынын 136-тизмесинде орун алган.

Ошондой эле «Ата-Журт Кыргызстан» Жогорку Кеңешке 39-номер менен Алишер Козуевди жөнөтүүдө. Ал былтыр «Мекеним Кыргызстандын» тизмесинде барган.  Козуев «Россия нефть» компаниясына ээлик кылат

Партияда Искендер жана Райымбек Матраимовдордун дагы бир жакын адамы Канатбек Маматов кирген. Буга чейин ал Искендер Матраимовдун жубайы Минавар Жумаева «АвтоСтолица» компаниясынын негиздөөчүлөрү болушкан.  2020-жылдын 6-ноябрында Канатбек Маматов негиздөөчүлөрдүн курамынан чыккан. Ал өткөн жылы парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясынын 65-тизмесинде шайлоого катышкан.

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Жазы айыл өкмөтүнүн башчысы Максатбек Ибраимов да «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы менен шайлоого баратат. Былтыр «Мекеним Кыргызстан» менен катышкан. 

Былтыр 11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоодон кийин ага катышкан тогуз партия «Ата-Журт Кыргызстанды» Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевге байланыштырып чыгышкан. 

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясы тууралуу эмне белгилүү?

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясы «Эл биримдиги» деген ат менен 1999-жылы каттоодон өткөн. Юстиция министрлигинин сайтындагы маалымат боюнча, былтыр 26-февралда кайра катталып, «Ата-Журт Кыргызстан» деп өзгөртүлгөн. Үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде жалпы 28 шаардык кеңешке шайлоонун 21ине катышып, 17 шаардык кеңешке өтүп келген. Бул партиянын тизмеси менен Жалал-Абад шаардык кеңешине Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев депутат болуп шайланган. Ал жакында эле мандатын тапшырды.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6344 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо