Президенттик администрациянын Кырдаалдык борбору түзүлдү. Милдети

Сүрөт: Султан Досалиев

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Администрациясынын Кырдаалдык борбору жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы 26-октябрда тараткан маалыматына ылайык, борбор президенттин жана Министрлер кабинетинин ишин аналитикалык маалыматтар менен камсыз кылып, башкаруучулук түзүмдөрдү санариптештирүүгө багытталган.

Буга чейин президенттик администрацияда кадрдык дайындоолор болуп, төрт башкармалыкка жетекчи дайындалган.

Автор Т-медиа 10875 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*