Чүйдүн губернатору Эркин Тентишевдин канча учагы бар? Текшеребиз

Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү эмнелерге ээлик кылат? Журналист Арген Камалдинов анын атына катталган бир нече ишкананы таап чыкты.

Эркин Тентишев ушул жылдын  март айында  өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү эле, ал эми июль айынан тарта президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Анда Жапаровдун ишенимдүү адамы ким?

Жаңы губернатор тууралуу маалыматты ачык булактардан издеп көрөлү. sled.politmer.kg сайтында Тентишевке таандык бир нече компанияларды көрүүгө болот. Алардын бири  «Эркин Эйр» авиакомпаниясы. Буга чейин журналисттерге берген маегинде, Тентишев эки учагы бар экенин айтып, аларды 2019-жылы сатып алганын билдирген эле. Маалыматты тактоо үчүн өзү менен байланышканыбызда, » Эркин Эйр» компаниясынын бир эле самолёту бар экенин, бирок ал да келе электигин айтты.

«Жүргүнчүлөрдү ташуучу бир самолёт алганбыз. Бирок аныбыз деле келе элек. Ал жактан техникалык оңдоп-түзөөдөн өтүшү керек. Экинчиден, компания иштей элек. Мен аны ишенимдүү адамдарга өткөрүп бергем.  Кайсыл жакта катталганын да билбейм».

Анткен менен ачык булактарда жана Юстиция министирлигинин сайтында «Эйр Эркин» компаниясынын ээси Эркин Тентишев көрсөтүлгөн.

Тентишев Саткынбай атындагы Азия медициналык институту, «Ультра проф сервис» коопсуздук жана детективдик агенттиги жана «Аида» чакан ишканасы. Бул компанияларга Тентишевдин  тиешесин бардыгы офицалдуу булактарда көрсөтүлгөн.

Vesti.kg  басылмасы менен болгон маегинде Тентишев эки учагы бар экенин, бирок бирөөнү гана сатып алганын Арген Камалдиновго билдирди. «Эркин Эйрге» бүгүнкү күндө тиешеси жок дегени менен офицалдуу булактар башканы көрсөтөт. Ошондо бир учурда аталган басылма же Тентишев туура эмес маалымат берип жатат. Ал эми экинчи учур — Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматтар жалган же болбосо дагы деле Эркин Тентишев бизге туура маалыматты жашырууда. Канткен күндө да бир тарап жалган маалымат берип жатат деп так айта алабыз.

Бакыт Тентишев

Ал эми жакында Тентишевдин уулу Жогорку Кеңеште депутат болуп калышы мүмкүн. Бакыт Тентишев «Ынтымак» партиясы алдан ала жарыялаган тизмеде үчүнчү болуп шайлоого аттанды. Атасы, агасы  же бир алыс эле тууганы саясатта болсо, карьералык өсүш кепилденет. Бирок президенттин Чүй облусундагы өкүлү админресус колдонбойм деп убада кылды.

«Уулум Жогорку Кеңешке депутат болуп барганы жатканын айтты. «Барам десең мага келбегин» дедим. Себеби бизге президентибиз 30 жылда бир жолу таза шайлоо өткөрөлү деп айтты. Ошол себептен административдик ресурс колдонбойбуз», -дейт Эркин Тентишев.

Акаев, Бакиев, Атамбаев, Жээнбеков, жана Жапаров. Баары өзгөрөт, кландык башкаруу болбойт, бирок көрүнүш ошол бойдон кала берет. Качандыр бир күнү токтойт деп ишенели.

Автор: Арген Камалдинов

Т-медиа
Автор Т-медиа 6304 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо