Эт былтыркыдан 22%га кымбат. Аймактардагы баа

Сүрөт: T-Media/ Наргиза Анарбай кызы

Кыргызстанда октябрь айында өткөн жылга салыштырмалуу эттин орточо баасы 22 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети 28-октябрда билдирди.

Маалыматка караганда уйдун этинин бир килограммы өлкөдө орточо 478 сомдон сатылып жатат. Ал эми, койдун эти 484 сомго чыкты.

Эң жогору баалар Ош жана Кара-Сууда. Аймакта бир килограмм уйдун эти 500, койдун эти 550 сом.

 

Былтыркыга салыштырмалуу уйдун эти Нарында 26,3 пайызга кымбаттаган. Койдун этине баалардын олуттуу өсүшү Токмокто катталып 29,7 пайызга көтөрүлдү.

Этти баасы быйыл жыл башынан баштап көтөрүлүп, июль айында 460 сомго чыккан. Аймактарда 520 сомго чейин кымбаттады.

Наргиза Анарбай кызы
Автор Наргиза Анарбай кызы 480 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо