«Ишеним» партиясынын тизмегинде кимдер бар? Текшеребиз

"Т-Медианын" коллажы

“Медиа центр” сайты 28-ноябрга белгиленген парламенттик шайлоого катышууну пландаган “Ишеним” партиясы депутаттыкка талапкерлеринин алдыңкы ондугун жарыялаганын билдирди. Шайлоого аттангандардын арасында парламент депутаттары, мамлекеттик кызматкерлерден тартып экс-депутат, экс-чиновниктерге чейин бар.

«Ишеним» бириктирген депутаттар 

Партияны Бишкектин Октябрь районунун мурдагы акими Азамат Дороев баштап баратат. Бул кызматтан ал 2020-жылы октябрда кеткен. Дороевдин эмгек жолу 2012-жылы башталган, андан бери ал Бишкектин шаардык түзүмдөрүндө ар кандай кызматтарды аркалаган.

Тизмеге юрист Жанна Ильиана,  Конституциялык кеңешменин мурдагы мүчөсү Медер Алиев да кирген. Алиев мурда «Демократ» партиясынын курамында болгон. Ал өзүн көзкарандысыз юристмин деп атап жүргөн, 2012-жылы парламенттик башкаруу системасын колдоп, «Парламенттик система партиялык диктатордук кылуу эмес» аттуу макаласын жазган. 

Жогорку Кеңештин бир нече депутаттары да бул жолу “Ишенимге” ооп келишкен. Алтынчы чакырылышта “Ата Мекен” фракциясынан депутат болгон Нурбек Сыдыгалиев партияда төртүнчү катар менен шайлоого баратат. 2015-2016-жылдары ал өзгөчө кырдаал министринин орун басары болуп иштеген. Ал эми Жогорку Кеңештин вице-спикерлигине үстүбүздөгү жылдын январь айында дайындалган.

Нурбек Сыдыгалиев парламентке Алмамбет Шыкмаматовдун ордуна келген. Ал убакта Шыкмаматов депутаттык мандатын тапшырып, «Ата Мекендин» катарынан чыккан. Ал чуулгандуу Конституциялык кеңешменин курамында дагы болгон.

Шайлоо сайын партия алмаштырган Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов да  “Ишеним” партиясына кирди. Анын себебин ал өзү мындайча түшүндүрүүдө. 

«Ишеним» партиясынын съездинен алынган сүрөт

«Буга чейин «Замандаш» партиясы шайлоого катышарын жарыялаган. Бирок кийин партия шайлоого катышпай турганын билдирди. Ушундан кийин жаңыланууну каалаган партия менен шайлоого баралы деп 2020-жылы «Замандаш» партиясында жүргөн пикирлештер менен келип, «Ишеним» партиясына кошулдук».

Эл өкүлү былтыр жыйынтыгы жокко чыккан шайлоодо “Замандаш” менен катышкан. Ормонов алгач парламентке партиялык система боло электе бир мандаттуу округдан шайланып келсе, 2009-жылы ошол кездеги бийликтин «Ак жол» партиясынын курамында депутат болуп келип, фракция лидерлигине чейин жеткен. Бакиевдин режими кулагандан кийин Ормонов саясаттан бир аз четтеген. Бирок саясаттагы жолун кайра улап, 2016-жылы «Бир-Бол» партиясынын тизмеси менен депутат болгон. 

Депутаттык ишмердүүлүгүндө чоң бир иш жасап же элге жардамы тийген демилге көтөргөнү менен деле эсте калган жок. Быйыл той-аштардагы ысырапкорчулукту ооздуктаган мыйзам долбоорун демилгелеп, парламентте биринчи окуудан өттү. Анда ашыкча ысырапкорчулукка барган той ээси айыпка жыгылары жазылган. 

Жээнбековдун шайлоо штабындагы «көмүскө чыгым»

Улукбек Ормоновдун ызы-чуулу окуяларда көп деле аты чыккан эмес. Бирок 2018-жылы Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабындагы 24 млн долларлык «көмүскө чыгым» боюнча маалыматта депутаттын аты аталган. Анда юрист Нурбек Токтакунов 2017-жылдагы президенттик жарыш учурунда Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабынын чыгымдарынын болжолдуу тизмеси көрсөтүлгөн файлды жарыялаган болчу.

Депутаттардан Бурун Аманова, Айнура Осмонова жана Улан Исмаилов да “Ишеним” менен шайлоого аттанышты.

Ошондой эле шайлоого барыш үчүн кызматын тапшырган ички иштери министринин мурунку биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков да ушул партияга кошулду.

«Ишеним» партиясынын съездинен алынган сүрөт

Балдарды машыктырган Өмүрзаков

Милициянын генерал-майору Өмүрзаков бул кызматта 2016-жылдан бери эмгектенип келген. Ага чейин ИИМдин Ош шаары жана облусу боюнча башкармалыгын жетектеген. Аны министрге орун басар кылып дайындоо тууралуу буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Сүйүн Өмүрзаковдун аты буга чейин Оштогу спорт клубдун балдарынан жабыр тарткандар боюнча «Азаттык» биринчи жолу 2016-жылы «Өмүрзаковдун «өзгөчө» балдарынын жоруктары» аттуу иликтөө чыгарган. Анда ишкерлердин бири Жайнагүл Турдуева аталган клубдун балдары анын дүкөнүн көз алдында карактап кетишкенин, күйөөсүн сабап, акчасын тартып алышканын билдирген. Маселе 2018-жылы «Бандиттер байырлаган Ош» иликтөөсүндө да көтөрүлгөн.

 Бир тууган Өмүрзаковдор «Мухаммед-Умар» спорт клубун Ошто 2005-жылы негиздешкен. 10 жыл аралыгында алар жалпысынан миңге жакын баланы машыктырып чыгарышкан.

«Ишеним» партиясы

Бир катар саясатчылар менен партия өкүлдөрү «Ишеним», «Ата-Журт Кыргызстан» жана «Ынтымакты» бийликчил деп сыпаттап жатат. Эки партия муну четке каккан. «Ишеним» партиясынын трагасы Азамат Дороев да мындай сөздөргө кошулбайт.

«Андай ушактар жүрүп жатат. Ар ким эле биздин тизменин сыртынан тон бычууда. Партиянын толук тизмесин ачып карап көргүлө. Биз жаңы түзүлгөн партиябыз. Айтылган кептердин баарын четке кагабыз. Андай эле бийлик тарабынан колдоо көрсөтүлгөн жок. Өзүбүз менен өзүбүз эле жумуштарды аткарып жатабыз. Партиядагы талапкерлер убагында кайсы бир мамлекеттик кызматтарда иштегендир. Бирок биз менен чогуу бир команда болуп баратышат». 

Т-медиа
Автор Т-медиа 6304 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо