Жумушта ток уруп, эки колунан ажыраган жаран иштеген жеринен кенемте ала албай жатат

Сүрөт: T-Media

Ошто үч жыл мурун жумуш убагында токко урунуп эки колунан ажыраган кызматкерге «Ошэлектро» мекемеси кенемте төлөбөй жатат. Бул тууралуу анын жактоочусу айтып чыкты. Жабырлануучу учурунда соттук инстанцияларга кайрылган. Жыйынтыгында ишкана дээрлик 4 миллион сом компенцация төлөөгө милдеттендирилген.

Жумушта эки колунан ажыраган Замир Кыдыров, «Ошэлектро» мекемесинде электрослесарь болуп иштеген. Кырсык болгон 2018-жылы аталган мекеменин жетекчисинин көрсөтмөсү менен Ош муниципалдык «Жылуулуккамсыздоо» ишканасынын электр жабдыктарын оңдоого жөнөтүлгөн. Ал жерде жогорку чыңалуудагы электр тогу уруп, эки колу чыканагынан ылдый жабыркаган.

«Ооруканга жаткырылганда операция болуп эки колу чыканагынан жогору кесилген. Азыркы мезгилде колдору жок. Өзүн-өзү тейлей албайт. Өзү кийине албайт, тамак жей албайт. Биринчи топтогу майып болгон»дейт анын жактоочусу Таир Асанов.

Замир Кыдыров жумуш убагында кырсыктаганы үчүн Ош шаардык сотуна ишкананын кенемте төлөөсүн талап кылып кайрылган. Кийин шаардык жана облустук сот ишти жабырлануучунун тарабына чечип берген. Бирок, «Ошэлектро» мекемеси кенемтени төлөнгөн эмес. Мындан улам, жактоочу Жогорку сотко да кайрылып, иш күчүндө калган.

«3 млн 800 миң сомдон ашык акча төлөп бериши керек. Андан сырткары өзүн-өзү тейлей албай жаткандыгына байланыштуу ага жардам көрсөтүп жаткан адамга айлык катары 3 — 3 жарым миң сом төлөмөй болгон. Биз Жогорку сотко бул иш барып келгенден кийин чечимди сот аткаруучуларга бергенбиз. «Ошэлектро» ачык акционердик коому сот аткаруучуларды да тоготпой жатат» — дейт жактоочу.

«Ошэлектро» ишканасы жумушта кырсыктаган Замир Кыдыров «Жылуулуккамсыздоо» мекемесинде урусатсыз иштегенин жүйөө келтирип жатат. Ал кырсык башка аймакта болгонун, ошентсе да кенемте төлөөгө аракет кылып жатканын билдирди. Айтымында мекеменин бюджетинде жумушта жабыркагандар үчүн конпенцасия берүүгө каражат каралган эмес.

«Ал уруксатсыз барып иштеген. Мындайча айтканда кошумча киреше үчүн «Жылуулуккамсыздоо» ишканасында белгилүү бир мезгилге иштеп берчү экен. Мындай иш эч кимдин башына түшпөсүн. Биздин жамаат жыйын өткөрүп, 1 млн 400 сом акча чогултуп бердик. Андан кийин 200 миң сом чогултуп бергенбиз. Биздин бюджетте мындай кырсыктарга каралган акча жок. Ушундай окуяларды эске алып бюджетти көтөрүп берсе, тариф саясаты жогорулатылса анан бир заматта төлөп коюшубуз мүмкүн. Башка учурда бөлүп-бөлүп төлөнөт»деди «Ошэлектро» ААКнын юристи Мирбек Исмаилов.

Ал эми «Жылуулуккамсыздоо» ишканасы бул билдирүүнү четке кагып, жабырлануучу эки мекеменин ортосундагы келишимдин негизинде иштеп бергенин маалымдады.

«Адамдын өмүрүнө зыян келип жатат. Биз ошол мезгилде колубуздан келген жардамды бергенбиз. Балдарына, үй-бүлөсүнө, өзүнө жардам бердик. Чындыгында бул жерде «Ошэлектронун» толук күнөөсү бар. Ал мекеменин бөлүм башчысынын буйругу менен барган. Бөлүм башчы бригадирге айтып, ал жиберген. Бир күн эмес, ал жерде үч күн иштеген»дейт Ош муниципалдык «Жылуулуккамсыздоо» ишканасынын юристи Даутбек Кимсанов.

Кыргызстанда эмгек кодексинин 247-беренесине ылайык иш берүүчү жабырлануучуга бир жолку берилүүчү жөлөк пул төлөйт. Ал эми, 1-топтогу майып болуп калса, кызматкердин орточо жылдык он эмгек акысы өлчөмүндө кенемте төлөөгө милдеттүү.

Наргиза Анарбай кызы
Автор Наргиза Анарбай кызы 480 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо