43 млн сомго курулат. Кыз-келиндер күрөшү үчүн спорттук залдын дареги белгилүү болду

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине кыз-келиндер күрөшү залын куруу үчүн жер бөлүнүп берилди. Имарат Бишкекте А.Малдыбаев көчөсүндөгү «Ата-Түрк» сейил багынын жанына курулат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. 

Маалыматка караганда спорт залга жалпы аянты 800 чарчы метр тилке бөлүнгөн. Имараттын долбоору учурда иштелип чыгууда. Анын алгачкы сметалык баасы 43 миллион сомду түзөт.

«Жер «Жаштык» дирекциясынын аймагынан бөлүндү. Анын максатка ылайыктуулугу дирекцияда бассейни бар спорт комплексинин иштеши, спортчулардын машыгуу процесси толук кандуу болоору менен негизделет» — деп айтылат маалыматта.

Курулушка керектүү документтер даярдалып, бекитилип бүткөн соң, залдын куруу иштери башталат. Спорттук зал курулуп бүтсө Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин балансына өткөрүлүп берилет.

Буга чейин 23-октябрда өкмөт спортту өнүктүрүү максатында президент кыз-келиндер күрөшү үчүн спорт зал куруу тапшырмасын бергенин билдирген.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1233 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*