Шашылыш билдирүү: күн сууктап, кар жаайт

Сүрөт: ӨКМ

 4-5-ноябрда Кыргызстанда түнкүсүн аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, өрөөндөрдө карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады. Билдирмеге караганда, тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет. Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10 градус, күндүз -2…-7 градус, Таласта түнкүсүн -6…-11 градус, күндүз -3…-8 градус болушу ыктымал.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -1…-6 градус суук, күндүз 0…5 градус болсо, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -6…-11 градус, күндүз -1…-6 градус муздайт. Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15 градус, күндүз -2…-7 градус, тоолуу райондордо түнкүсүн -21…-26 градуска чейин жетип, күндүз -10…-15 градус суук болушу ыктымал.

Мындай аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындата турганы айтылды.

Автор Т-медиа 12221 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*