
Ички иштер минисртрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү алдамчылык менен айыпталып, мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалганын билдирди. Шектүүнүн жүргөн жерин аныктоого Орусия ИИМнин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери көмөктөшкөн.
Маалыматка караганда, издөөдө жүргөн Жалал-Абад облусунун 39 жаштагы Э.О. аттуу тургуну алдоо жолу менен жабырлануучулардын ишенимине кирип, аларга олуттуу чыгым келтиргени аныкталган. Москвада кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтордун биринин активдүү мүчөсү катары Кыргызстандын ИИМинин каттоосунда турат.
«Ал 2010-жылдан 2013-жылга чейин 14 алдамчылык фактысын жасоого шектелип, 2016-жылдан бери мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн. Жабыр тарткан ишкерлерге келтирилген материалдык чыгым 33 миң 500 доллардан ашат. Алдын ала маалыматтарга караганда, аталган жаран узак убакыт бою жасалма документтерди жасап, өзүн соода жайынын ээси катары көрсөтүп, жарандарды алдап, башка бирөөнүн мүлкүн чоочун адамдарга мыйзамсыз сатып жүргөн. Анын Москва шаарында жүргөндө жакын тууганынын паспортун колдонуп, 5 жыл изин жашырууга үлгүргөн», -деп айтылат маалыматта.
Учурда шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Оставьте первый комментарий