Жашыл климаттык фонд Кыргызстанга гранттык негизде 1 млн доллар бериши мүмкүн

Сүрөт: Султан Досалиев

Жашыл климаттык фонд Кыргызстанга гранттык негизде 1 миллион доллар бериши мүмкүн. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 2-ноябрда Глазго шаарында фонддун аткаруучу директору Янник Глемарик менен жолугушканда айтылды. 

Анда эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери, атап айтканда, келечекте азык-түлүк коопсуздугу жана айыл чарба тармагындагы актуалдуу долбоорлорду ишке ашыруу талкууланган. Садыр Жапаров акыркы бир нече жылда мөңгүлөрдүн интенсивдүү эриши, суу ресурстарынын азайышы, кургакчылык, айыл чарбасында түшүмдүүлүктүн төмөндөшү, табигый кырсыктардын жана транспорттук эмиссиялар курч көйгөйгө айланганына өзгөчө басым жасаган.

Өлкө башчынын басма сөз кызматы маалымдагандай, Кыргызстан климаттын өзгөрүүсүн жумшартууга жана ыңгайлашууга керектүү чыгымдарды тиешелүү түрдө дээрлик 7 миллиард жана 3 миллиард доллар деп баалады. Садыр Жапаров Кыргызстан Жашыл климаттык фондунун ишмердүүлүгүн колдой турганын жана долбоордук кызматташууга оң баа берерин билдирген.

Аны менен бирге президент Глазгодон кийин өлкөнүн климатты каржылоо боюнча жаңы долбоорлорго өтүнмөлөрдү берүү ниетин маалымдаган. Буга байланыштуу Кыргызстандын адистерине максаттуу долбоорлорду даярдоодо эксперттик жана техникалык жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды. Янник Глемарик фонд бир жылга грант түрүндө 1 миллион доллар бере ала турган үлгү бар экенин белгилеген. Бул каражатты кайсы жакка багыттоону Кыргызстан өзү чечет, өз кезегинде Жашыл климаттык фонддун адистери керектүү колдоо жана кеңештерди берүүгө даяр.

Автор Т-медиа 11434 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*