Партиянын жолугушуусуна келген студенттер. БШК ОшМУ жетекчилигине чара көрүүнү суранат

Сүрөт: Т-Медиа

Борбордук шайлоо комиссиясынын Ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобу Ош мамлекеттик университетинин жетекчилигине чара көрүүнү Министрлер кабинетинен суранат. Маселе БШКнын  бүгүн, 6-ноябрдагы жыйында каралды жана аталган топтун координатору Тынчтык Шайназаров чечимди окуду.

Анын айтымында, буга Ош шаарында Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин жолугушуусуна катышкан студенттердин окуясы себеп болду.

3-ноябрда Ош шаарынын борбордук аянтында «Азаттык» партиясы үгүт иш-чарасын өткөрүп, ага 100дөн ашуун киши катышкан. Ошол эле күнү соцтармактарда жолугушууга  студенттер алып келингени боюнча видео тараган. Жерине барган журналист Ыдырыс Исаков жолугушууга келгендерден алар кайсы университеттин студенттери болушканын сураган. Алардын айрымдары ОшМУнун, кээ бирлери ОшТУнун студенттери болушканын тастыкташкан. Ошондой эле студенттер аларды борбордук аянтка мугалимдер жана декан алып келишкенин билдиришкен.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы бул окуяны териштирүүнү баштап, административдик ресурс колдонулганын билдирген.

ОшМУнун басма сөз кызматы Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин студенттери партиянын үгүт жыйынына катышканын ырастаган. Университетте ички териштирүү жүргүзүлүп, факультеттин деканына эскертүү, эки окутуучуга сөгүш берилди.

Ички иштер министрлиги бул иш боюнча тергөө бүтүп, топтолгон материалдар сотко жөнөтүлгөнүн «Т-Медиага» билдирди.

Автор Т-медиа 11434 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*