Ош: студенттерди партиянын үгүт ишине мажбурлап алып келген окутуучуга айып тагылды

Сүрөт: Клооп

Ош шаарында парламенттик шайлоого катышып жаткан «Азаттык» партиясынын үгүт акциясына студенттерди мажбурлап алып келүү иши боюнча тергөө бүттү. Топтолгон материалдар сотко жөнөтүлгөнүн бүгүн, 6-ноябрда Ички иштер министрлиги «Т-Медиага» билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгына сегиз мугалим, 15 студент сурак берди. Студенттердин көбү 18 жашка чыга электиги белгилүү болду. Алар берген көрсөтмөсүндө мугалимдер экскурсияга деген жүйө менен борбордук аянтта өтүп жаткан партиянын тарапташтарынын митингине алып келгенин айтышты. «Муну менен административдик ресурс колдонулган» дейт министрлик.

Бул факты боюнча Жоруктар кодексинин 87-беренеси (“Административдик ресурс колдонуу”) менен сотко чейинки териштирүү жүргүзүлүп, бир окутуучуга кабарлама берилди. Учурда тергөө бүтүп, андан ары кароо үчүн материалдар сотко жөнөтүлгөн.

Буга чейин социалдык тармакта Ош шаарынын борбордук аянтында «Азаттык» партиясынын жолугушуусуна студенттер алып келингени боюнча видео тараган. 3-ноябрда милиция бул окуяны териштирүүнү баштап, административдик ресурс колдонулганын билдирген.

ОшМУнун пресс кызматы Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин студенттери партиянын үгүт жыйынына катышканын бышыктады. Университетте ички териштирүү жүргүзүлүп, факультеттин деканына эскертүү, эки окутуучуга сөгүш берилди.

Т-медиа
Автор Т-медиа 10429 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо