Депутаттар кайсы партиянын курамында кайрадан шайлоого аттанды?

Иллюстративдик сүрөт

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышындагы 120 депутаттын 54ү парламентке кайра баргысы келет. 

Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрда болот. БШК каттаган 21 партиянын талапкерлеринин толук тизмеси 1010 адамдан турат. «Т-Медиа» парламентке кайра келүүнү көксөгөн депутаттар кайсы партияда көп чогулганын аныктады.

«Альянс»

Алтынчы чакырылыштын 10 депутаты бул сапар «Альянс» партиясына ооп келди. Саясий уюмга «Республика-Ата-Журт» фракциясынан Мирлан Жээнчороев, «Бир Болдун» лидери Алтынбек Сулайманов, КСДП фракциясынын депутаттары Абдывахап Нурбаев жана Гүлкан Молдобекова, депутат Жанар Акаев, «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары Айсулуу Мамашева, Сайдулла Нышанов, «Ата-Журттун» эл өкүлү Таабалды Тиллаев, «Бир Бол» фракциясынын депутаттары Дүйшөн Төрөкулова жана Нурбек Мурашов кошулган.  

Гүлкан Молдобекова менен Таабалды Тиллаев былтыр жыйынтыгы жокко чыгарылган чуулгандуу парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен барган.

«Социал-демократтар»

КСДПнын сегиз депутаты Жогорку Кеңешке «Социал-демократтар» партиясынан депутат болуп келүү мүмкүнчүлүгүн сынаганы турат. Алар: Рыскелди Момбеков, Ирина Карамушкина, Асель Кодуранова, Мурадыл Мадеминов, Карамат Орозова, Мухтар Айнакулов, Анвар Артыков жана Альфия Самигуллина. Ал эми «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Бейшеналы Нурдинов да ушул партияга кошулду. 

«Ата-Журт Кыргызстан»

Бул партиянын курамына алты депутат кирди. Алардын бири «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев. КСДПчы Мейкинбек Абдалиев да ушул партияда. Мындан тышкары «Кыргызстан» фракциясынан Таалайбек Масабиров, Замирбек Эсенаманов жана «Республика-Ата-Журттан» Пархат Тулендыбаев менен Самат Исманов да бар. 

«Ишеним»

«Ишеним» партиясынын курамын карай келгенде Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын 6 депутатын көрүүгө болот. Тизмени түргөндө эле Жогорку кеңештин вице-спикеринин орун басары, «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү Нурбек Сыдыгалиев учурайт. Дагы бир атамекенчил  Бурул Аманова да ушул партияда. 

Шайлоо сайын партия алмаштырган Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясынын мүчөсү Улукбек Ормонов да «Ишеним» партиясына кирди. «Өнүгүү-Прогресстеги» Уланбек Исмаилов, Ныязбек Арзыбаев жана КСДПчы Айнура Осмонова да кайра шайлоого баратат.  

«Ынтымак»

Партиялардын ачык тизмеси аркылуу парламентке кайра келүүнү көксөгөн эл өкүлдөрү «Ынтымак» партиясына да чогулган. Чоң жарышка КСДПдан ооп келген Чыңгыз Макешов, «Республика-Ата-Журттун» депуттары Марлен Маматалиев, Рада Туманбаева, Тариел Жоробеков, «Бир Болдогу» Бактыбек Турусбеков жана «Ата Мекен» партиясынан депутат болгон Алмамбет Шыкмаматов катышууда. 

«Бүтүн Кыргызстан»

Бул партия алтынчы чакырылыштын төрт депутатын тизмеге кошту. Алар: Эмил Токтошев («Ата Мекен»), Аккулу Бердиев («Республика-Ата-Журт»), Исхак Масалиев («Өнүгүү-Прогресс») жана Кыянбек Сатыбалдиев. 

«Ата Мекен»

«Ата Мекен» бул ирет Жогорку Кеңештин эки депутатын гана курамына киргизди. Анын бири парламентке кайтып келүү аракетин токтотпогон «түбөлүк оппозиционер» Өмүрбек Текебаев жана ушул партиянын  тизмеси менен төртүнчү ирет шайлоого бараткан Наталья Никитенко.

«Кыргызстандын биримдиги патриоттук партиясы»

Коомчулукка чуулу мыйзамдардын демилгечиси катары таанылган Гүлшат Асылбаева да парламентке кайра баргысы келет. 

Ал эми  калган «Улуттар биримдиги», «Эл үмүтү», «Ордо», «Улуу Журт», «Азаттык», «Багыт», «Легалайз», «Аруузат», «Мкенчил эл», «Ыйман нуру», «Кыргызстан жашылдар партиясы», «Жашасын Кыргызстан», «Күчтүү регион» партияларында учурдагы чакырылыштын эл өкүлдөрү жокко эсе.

Бир мандаттуу округдардан чыккан учурдагы депутаттар

БШК бир мандаттуу 36 округдан 302 талапкерди каттады. Анын ичинен  ону Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттары. 

  • Айбек Осмонов — Ош округу;
  • Улан Примов — Ош облусунун №11 Алай шайлоо округу;
  • Искендер Матраимов — №9 Кара-Суу шайлоо округу;
  • Шайлообек Атазов — №8 Төлөйкөн шайлоо округу;
  • Каныбек Иманалиев — Чүй облусундагы №25 Аламүдүн шайлоо округу;
  • Дастан Бекешов — Бишкек шаарындагы №28 Октябрь шайлоо округу;
  • Нурбек Алимбеков — №8 Төлөйкөн шайлоо округу;
  • Тазабек Икрамов — №13 Сузак шайлоо округу;
  • Равшан Рысбаев — №4 Көк-Жар шайлоо округу;
  • Өмүрбек Бакиров  №4 Көк-Жар шайлоо округунан.

 

Т-медиа
Автор Т-медиа 6343 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо