
Ички иштер министрлиги Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдануу жана өткөрүү учурунда коомдук тартип кантип сакталарын дагы бир ирет эскертип, буга чейин эреже бузгандар каттоого түшкөнүн билдирди.
Маалыматка караганда, үгүт иштери башталган күндөн тартып шайлоо эрежелерин бузган 73 факты катталган. Алардын ичинен 19 факты Жазык кодексинин 192-беренеси (“Шайлоочуларды сатып алуу”), 182-беренеси (“Жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу”) жана 200 –беренеси (“Уурдоо”) боюнча катталды.
17 факты Жоруктар кодексинин 119-беренеси (“Майда бейбаштык”), 87-1-беренеси (“Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу”), 94-беренеси (“Бөтөн мүлктү жок кылуу же зыянга учуратуу”) жана 90-беренеси (“Орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо”) боюнча катталган. Калган 37си кайра карап чыгууга жиберилип же башка өндүрүш ишине кошулган.
«Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу фактылары Ош шаарында жана Ош облусунда катталган. Ал эми Жалал-Абад жана Чүй облустарында ушул сыяктуу фактылар боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Аны менен катар шайлоочуларды сатып алуу фактысы менен Чүй, Ош, Баткен, Талас, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарында жана Бишкек, Ош шаарларында сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүүдө», -деп билдирди ИИМ.
Ал эми коомдук тартипти сактоо үчүн ички иштер органдарынын күч-каражаттары эсептелип чыкты. ИИМ жарандардын арасында коомду козутууга алып келген жалган маалыматтарды тараткандарды аныктоо үчүн ЖМКларга, социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүп жатат.
Кыргызстанда 28-ноябрда аралаш система менен парламенттик шайлоо өтөт. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, парламентте 90 депутат болуп, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан келет. 29-октябрда үгүт иштери башталды.
Оставьте первый комментарий