«Ашпаса мейли, артта калбасын дейбиз». Ошто инклюзивдүү билим берүү кандай ишке ашууда?
Быйылкы окуу жылында Ош шаарындагы мектептер инклюзивдүү билим берүү боюнча 300 баланы кабыл алды. Бирок бул сандар эки жыл мурункуга караганда аз, былтыркыдан көп. Билим берүү башкармалагы сандардын өзгөрүп жатышына түрдүү себептерди атоодо. Бирок мекеме кайрылган ата-энелердин өтүнүчүн аткарып, "бардык балдардын бирдей билим алуусуна шарт түзгөнгө аракет кылып жатабыз" дейт.
Амантур шаардагы мектептердин биринде 5-класста билим алат. Биринчи класска 9 жашында кабыл алынган. Бирок беш жылдан бери сабакты калтырбай окуп, кошумча курстарга да катышат.
«Мектепте баары жакшы. Досторум мага ар дайым жардамдашып турат. Келечекте доктур болсом дейм. Америкага баргым келет. Азыр англис тили курсуна да барып жатам. Мага жакты, кызык экен», — дейт Амантур.
Шал оорусу (ДЦП) Амантурду ар дайым апасынын коштоосунда мектепке келгенге мажбур кылат.

«9 жашында тили акырындап чыкты. Эки жыл логопедде жүрдүк. Акырын жазат, акырын кыймылдайт. Бирок аң сезими жакшы. Атайын мектепке берген жокмун. Беш жыл мурун 1-класска берүү үчүн көп мектеп кыдыргам. Кабыл алуу кыйын болгон. Баламдын билим алышы үчүн аракет кылып жүрүп олтуруп, акыры ушул мектепте окуп жатат. Тамгаларды үйрөнүп, окуп калды. Башында ден-соолугу чың балдардай мамиле кылган үчүн коркот эле. Азыр көнүп баратат. Көп нерсени билет, түшүнөт. Мектепке барам, окушум керек эле деп турат. Мен сабак башталганда алып келем. Бүткөнгө чейин ушул жерде болом. Классташтарынын мамилеси жакшы. Ар дайым жардамдашып турушат», — дейт Амантурдун апасы Гүлмира эже.
Амантур жакындан бери акысыз англис тилин үйрөткөн курска кабыл алынган. 13 жаштан жогору балдарга тил үйрөтүү боюнча жарыяны көрүп, анкета толтуруп көрүшкөн.

«Курска өздөрү келип алып кетишет. Кайра алып келип коюшат. Сабактан кийин барат. Үйдө да кошумча окутам. Мектептеги, курустагы тапшырмаларды баарын аткарабыз. Туура, так айттырганга аракет кылам. Көп кайталайбыз. Албетте, кээде кыйын эле болот. Чарчап калам. Бирок, менин билимдүү болсун, баламдын окуйм деген аракети баарын жеңип кетет. Башка балдардай жооп бере албай калсакчы деп үй тапшырмаларын калтырбайбыз. Башка балдар менен бирдей билим алуусу үчүн баарына даярбыз. Ашып кетпесе да, артта калбаса дейбиз», - дейт Гүлмира эже.

«Теңтуштары менен чогуу болгондогу маанайы сөз менен жеткиргис...»
Дагы бир каарманыбыз Акбермет 9-класста окуйт. Анын да Амантур сыяктуу мектепте коштоп жүрүүчүсү ата-энеси. Бул 1-класстан бери уланып келет.
«Кызымдын билим алуусун каалап, 9 жылдан бери мектепке алып келебиз. Мунун эң биринчи эле себеби кызымды коомчулук менен байланыштыруу. Өзү теңдүүлөр менен кошо жүрсүн дейбиз. Мектепке келгенде, лагерлерге барганда кызым кадимкидей башкача болуп калат. Теңтуштары менен аралашкандагы маанайын сөз менен айтып бере албайбыз. Мектептен жакшы билим алгандан да коом менен аралаштыруу биз үчүн маанилүүрөк. Гуманитардык сабактарды жакшы көрөт. Кол жазмасы жакшы. Ырларды жаттайт»
деп айтат Акберметтин апасы Назгул эже.
Ош шаарында быйыл Амантур, Акбермет сыяктуу дагы 300 бала мектепке барды.
Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын статистикасы көрсөткөндөй, акыркы жылдары кайрадан билим алууга тартылгандар төмөндөгөн. Мунун себебин адистер пандемияга байланыштуу мектептердин онлайн билим берүүгө өткөндүгүн айтууда. Мекеме мектептер салттуу режимге эми гана кайтып келди.
«Мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар башка балдардай эле программа боюнча окуйт. Бирок, жеңилдетүүлөр бар. Класс-жетекчилери менен ата-энелери тыгыз байланышта болуп турушат. «Бирге окуган сонун!» долбоорунун алгагында башталгыч класс мугалимдери инклюзивдик билим берүү боюнча окуудан өтүштү. Инклюзивдик окутууга муктаж деп 43окуучу аныкталган.Алардын арасынан тестирлөөнүн төмөн жыйынтыгын көрсөткөн окуучуларды атайын муктаждыгына жараша логопед иликтөөдөн өткөрдү, ата-энелеринин катышуусунда окуучуларга көмөк көрсөттү, кеп -кеңешин берди. Атайын кабинетти каржылап,окуучулар менен иштөөгө ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Башталгыч класстын мугалимдери учурда инклюзивдик окутууга муктаж балдарды эске алуу менен окуутунун формаларын тандап, алган билимдеринин негизинде иштөөнү улантып келишүүдө»,- дейт Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын өкүлү Жамиля Токталиева.
Эрте аныктоо бул — эрте кийлигишүү
ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана өспүрүмдөр боюнча 2021-жылга чыгарылган кырдаалдык талдоосунда, баланын жашоосунун алгачкы беш жылы анын өнүгүшү үчүн абдан маанилүү жаш экени айтылат. Кичинекей балдар ата-эне жана үй-бүлө мүчөлөрү менен өз ара аракеттенүү аркылуу өздөрүн жана аларды курчап турган дүйнөнү бат үйрөнүшөт.

Мүмкүнчүлүгү чектелген же болушу мүмкүн болгон, өнүгүүсүнүн көйгөйү бар балдарды эрте аныктоо жана бул маселеге эрте кийлигишүү алардын коомчулук менен эрте аралашуусун шарттайт.

Эки окуя эки башка жыйынтык
Атайын изилдөөлөрдөгү сурамжылоолор жана өзгөчө балдардын атын атагысы келбеген жакындары менен болгон маектешүүлөр балдарга кам көрүүдөгү ар бир убакыттын баалуулугун көрсөтөт. Тимур менен Канаттын окуясы бул эки гана учур. Бирок эки башка жыйынтык. Адистер белгилешкендей, ден соолугунда чектөөлөр бар балдарга жардам эң алгач үй-бүлөдөн, ата-энеси тарабынан болушу жакшы натыйжа берет.
Тимур
Тимур төрөлгөндө ага даун синдрому деген диагноз коюлган. Анын ата-энеси наристесинин өзгөчө экенин эрте байкап калганына кубанышат. Анткени жаш ата-эне жана үй-бүлө мүчөлөрү баланын инклюзивдүү билим алуусун камсыз кылуу үчүн терс көз караштар, маалыматтын жетишсиздиги менен күрөшө баштаган. Жыйынтыгында эрте жаш курагынан баштап аны менен иштешип, билим алуусун камсыздай алышкан.
Канат
Канаттын ата-энеси алгач баласынын эрте жашында эч нерсени байкаган эмес. Кээ бир аракеттеринде өзгөчөлүктөр болгону менен жаш апа муну өтүп кетчү жагдай катары түшүнгөн. Башкалардын балдары деле кеч басып жатпайбы, алардын тили деле 5 жашында чыккан деген салыштыруулар аны 1-2 жылга артка кетирген. Натыйжада өзү теңдүүлөрдөн ден-соолугун калыбына келтирүү менен билим алуудан бир нече жылга кеч калган.
Балдардын коомго аралашып, билим алуусу үчүн бир гана алардын каалоосу эмес, ата-эне, жакындарынын көмөгү да кеээде жетишсиз. Ал үчүн жергиликтүү бийлик, мамлекет тарабынан түзүлгөн инфраструктуралык шарт жана атайын адистердин жеткиликтүүлүгү да талап кылынат.
Ушул тапта Ош шаарында мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде инклюзивдүү билим берүү менен тарбиялаган бир гана бакча иштейт. Алгач 10дон баланы кабыл ала баштаган бакча быйыл жергиликтүү бийликтин каржылоосу менен кошумча корпуска ээ болду.
«Биздин бакчада буга чейин 15 мүмкүнчүлүгү чектелген бала болчу. Эми тайпа көбөйүп алардын саны 30 болду. Бирок биз аларды бир эле группага чогултпайбыз. Жаш курактарына карап, тайпаларга бөлгөнбүз. Ошон үчүн тарбиячыларыбыз "балдар балдарга жардам берет" деген программада иш алып барат».

Гүльмира Атабаева
«Айданек» бала бакчасынын жетекчиси
Ата-эне менен балага ар дайым жардам берүү жана тыгыз иштешүүдө коомдук фонддор, уюмдар жардамга келет.
Ош шаарында «Сантерра», «Улыбка», «Смайл кж», «Ош шаарындагы калктын аярлуу катмарын коргоо жана өнүктүрүү», «Аруулан», «Нурзаман» коомдук фондору сыяктуу бир нече уюмдар иш алып барышат. Алардын арасында да өз ара мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелеринин топтору да бар. Алардын барынын максаты коомдогу өзгөчө балдардын баары сыяктуу билим алууга тартылуусуна салым кошуу.

«Смайл кж» фонду Ош шаарында инклюзивдик билим берүүнү жакшыртуу боюнча көп жылдардан бери иш алып барган. Аталган уюм эл аралык уюмдардын жардамы менен балдарды атайын окууга тартуу боюнча долбоорлорду ишке ашырган. 2017-жылы «Эртең мектепке» программасынын алкагында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 40 баланы атайын мугалимдин жардамында окутушкан. Анын ичинен 10 баланы мектептерге жайгаштырышкан.

Ал эми «Сантера» даун синдрому бар балдар менен иштөөчү ресурстук борбор. Бардыгы болуп 200 баланы камтыган эки филиал (түштүк жана түндүк), беш инклюзивдик билим берүү уюмдан ишке ашырууда.
Зейнеп Эшмуратова көп жылдан бери мүмкүнчүлүгү чектелгендер балдардын маселесин алдыга жылдырган «Жаңырык» байланыш желеси өкмөттүк эмес уюмун жетектеп келет. Аталган уюмда өлкө боюнча 30дан ашуун бирикмелер кошулган. Алар республика боюнча ден соолугунан түрдүү себептерден мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды бирдей билим алууга тартуу боюнча иштерди аткарышат. Мисалы, бир уюм балдардын ата-энелери менен иштешсе, экинчиси мектеп мугалимдерин атайын инклюзивдүү билим берүүгө багытталган окутууларды уюштурат. Атайын долбоорлор менен мектепке чейин да балдарды окууга даярдоодон өткөрүшөт.

Көп жылдык тажрыйбалуу адис бүгүнкү күндө бардык балага бирдей мамиле болуу үчүн коомчулуктун өзгөрүү мезгили келди деп эсептейт.
«Мүмкүнчүлүгү чектелүүнү ар бир адам өзүнө сиңириш керек. 1-2-3 топтогу балдарды, эрте жаш курактагы балдарды билим берүү менен камсыздашы үчүн инклюзивдүү маданият, чөйрөнү түзүү кажет. Алар да мамлекеттик мекемелерде, кадимки айылдардагы мектептерде, бардык жайда, коомдо башка балдар менен тең укуктуу дегенди ар дайым бүт коомчулук эске алып жүрүшү шарт. Муктаждыктарын бирдей аткарууну эске алуу менен ошону өнүктүрүүнү эсепке алып, психологиялык, медициналык, камсыздандырууну уюштуруу зарылчылыгы бар. Логопед, сурпедогогдор, мүчүлүштүктөрдү ордуна койо турган адистерди жеткирүүдө да көйгөйлөр жаралбай койбойт. Ар бир баланы билим берүүгө кошуу үчүн инфраструктура да жакшырыш керек. Жалпылап айтканда балдарды билимге тартуу, коомго аралаштыруу, бирдей шарт түзүү үчүн бир гана эл аралык уюмдар, фонддор эмес, мамлекеттик мекеме менен кошо ата-энелер, коомчулук да чоогу иштешүү керек. Ошондо гана биз балдардын баары бирдей мектепте билим алууга жеткирсек болот. Атпесек жыл сайын уюмдар 200гө жакын баланы тартканы менен кайра эле аларга тоскоолдук жараткан башка шарттын жоктугу, комплекстүү иш аракеттин аздыгы менен алардын саны азайып кетип жаткан учурлар да болбой коюп жаткан жок»
Зейнеп Эшмуратова
Ош шаарындагы калктын аярлуу катмарын коргоо жана өнүктүрүү коомдук фондунун жетекчиси
Билим ар бир балага жеткиликтүү болушу кажет!
1
Кыргызстанда инклюзивдүү билим берүүнү алдыга жылдыруу үчүн 2017-жылы Билим берүү жана илим министрлиги, Социалдык өнүгүү министрлиги жана эл аралык уюмдар менен иштер башталган.

2017-жылы жумушчу топ түзүлүп, концепция иштелип чыккан. 2018-жылы 30-октябрда өкмөттүн 221-токтому менен бекитилген. Анда 2018-2040-жылдардагы үзгүлтүксүз билим берүүнү түзүү келишилген.

Бул 2023-жылга чейин бардык түрдөгү документтерди эсепке алуу менен ар түрдүүклүктү, билим алууга тең укуктуулукту берүүнү көздөйт. Концепция ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүүлөрдүн укугун коргоо конвенциясын, эл аралык милдеттерин эске алуу менен иштелип чыккан.
Инклюзивдик билим берүү - бул укук жана мүмкүнчүлүктөрдүн теңдиги. Ар бир адамга физикалык, интеллектуалдык, социалдык, эмоционалдык, тилдик жана башка өзгөчөлүктөрүнө карабастан билим берүү мекемелеринде билим алуу мүмкүнчүлүгүн формасы.
Ушу тапта Кыргыстанда 30 миңден ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген бала бар. Биз ар башкабыз бирок, бирбиз! Биз тең укуктуубуз!