УКМК Дастан Бекешевдин суракка чакырылышы боюнча түшүндүрмө берди

Сүрөт: economist.kg

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дастан Бекешевдин шайлоо штабы үгүт ишине окуучуларды пайдаланган. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирүү таратты.

Учурда Жазык кодексинин 194-беренесинде каралган «Шайлоолорду же референдумдарды өткөрүүдө каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу», шайлоо мыйзамдарын бузуу фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүш иштери териштирилүүдө.

«Бекешевдин шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары келишим түзбөстөн, агитаторлорго финансылык каражаттар төлөнгөндүгү аныкталган. Мындан тышкары «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 15-бөлүгүн бузуу менен, 18 жашка чейинки курактагы өспүрүмдөр Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бекешевдин үгүт иштерин жүргүзүшкөн. 2021-жылдын 15-ноябрында талапкер иштин жагдайлары боюнча өз ыктыяры менен көрсөтмө берүү үчүн УКМКга келген. Азыркы учурда жогоруда аталган сотко чейинки өндүрүш боюнча иштин жагдайларын аныктоо боюнча бардык зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Ошол эле учурда сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын көчүрмөлөрү тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн БШКга жиберилет», -деп билдирди атайын кызматтан.

Бекешев эмне дейт?

Дастан Бекешев мындай айыптоолорду четке кагып, окуя боюнча пикирин өзүнүн Telegram каналына жарыялады. Анын айтымында, УКМКнын бул аракетин административдик ресурс катары баалайт.

«Шайлоо фондунан тышкаркы каражатка айлык төлөдү деген болбогон кеп. Мен фонд үчүн үч миллиондон бир аз ашык акчаны эптеп чогултсам, шайлоо фондуна кирбеген каражатты кайдан таап, айлыктарды кантип төлөмөк элем? Бул ойго келбеген нерсе да. Алар андан көрө бюджети 20 миллион сомго жеткен менин оппоненттеримди текшерсе болмок. Мен болбогон акчам менен жакшы шайлоо өткөрүүгө аракет жасап жатам».

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгында 15-ноябрда үч саттан ашык сурак берип чыккан. Ал шайлоонун үгүт мыйзамдарын бузууга байланыштуу сурак бергенин билдирди. Ошондой эле үгүт иштерине катышкан балдардын арасында жашы жете электер да бар экенин, алар тууралуу билбегенин айткан.

Бекешев Бишкектеги №28 Октябрь райондук округунан парламенттик шайлоого талапкерлигин койгон. Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрда өтөт.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*