Жалал-Абад шаарында кичи автобустардын жол акысы жогорулады

Жалал-Абад шаарында жол акы 15 сомго көтөрүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Чечим, 15-ноябрда Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз сессиясында кабыл алынган. Анда Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги күйүүчү майлардын жана тетиктердин баасы өскөндүгүн эске алуу менен кичи автобустардын жол акысын мектеп окуучуларына 5 сом, пенсионерлерге 8 сом, ал эми калган жүргүнчүлөр үчүн 15 сомго көтөрүүнү сунуштаган. Бул эл өкүлдөрү тарабынан колдоо тапкан. 

Жол акы токтом күчүнө киргенден тарта жогорулайт. 

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында кичи автобустар мектеп окуучулары үчүн 5 сом, пенсионерлерге 8 сом, ал эми калган жүргүнчүлөр үчүн 10 сомдон жол кире алып келет. Бүгүнкү күндө калаада 150дөн ашык кичи автобус жүргүнчүлөргө кызмат көрсөтөт.

Автор Т-медиа 11161 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*