«Кызыл зонада» иштеген медиктерге октябрда канча кенемте төлөндү? Инфографика

Коронавирус менен күрөшкөн дарыгерлерге ар айда берилүүчү кенемте төлөнүп берилди. Бул тууралуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) билдирди. 

Фонддун маалыматына караганда, октябрга кенемтени төлөө үчүн жалпы 44 миллион 396 084 сом бөлүнгөн. Ал 3 931 мед кызматкерге берилген. Кенемте алгандаодын 825и дарыгер, 1 599у орто, 535и кичи медкызматкер жана 972си башка жумушчулар.

Кенемте төлөнүшү керек болгон кызматкерлердин саны жана берилиши керек болгон каражат аймактарга төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн.

 

Буга чейин «кызыл зонада» иштеген дарыгерлер августтан бери компенсациясын ала албай жатканы боюнча маселе парламентте көтөрүлгөн. 20-октябрдан тарта милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду «кызыл зонада» иштеген дарыгерлердин август жана сентябрь айы үчүн компенсациясын төлөп бере баштаган. Фонд август айы үчүн 186 миллион 314 миң 965 сом, сентябрда иштегендерге 71 миллион 844 миң 401 сом бөлгөң.

Наргиза Анарбай кызы
Автор Наргиза Анарбай кызы 579 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо