Мурдагы «мекенчилдер», блогерлер жана ыктыярчылар. «Эл Үмүтү» партиясынын тизмегин текшеребиз

"Т-Медианын" коллажы

«Эл үмүтү» жумушсуз талапкерлердин көптүгү боюнча партиялар арасында алдыңкы бештикке кирди. 

Буга чейин соцтүйүндөрдө аталган партия президент Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапаровага тиешелүү болушу мүмкүн деген маалымат тараган. «Т-Медиа» партиянын тизмесине саресеп салды. 

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев «Клоопко» президенттин жубайы Айгүл Жапарова кайсы бир партияны каржылоо менен алектенбей турганын айтты. Ал бул «жалган маалымат» деп билдирген. 

Депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин 7-сентябрдагы жыйынында президенттин баласы Рустам Жапаров парламенттик шайлоого камылга көрүп, ар кандай жолугушууларды өткөрүп жатканын, «Эл үмүтү» партиясын сүрөп жатканын айтып чыккан. 

«Эл үмүтү» партиясы тууралуу эмне белгилүү?

Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, партия үстүбүздөгү жылдын август айында кайрадан каттоодон өткөн. Саясий уюмдун негиздөөчүсү катары 10 киши көрсөтүлгөн, бирок алардын аты-жөнү белгисиз. Партиянын лидери Аскар Алмаз уулу. Ал тизмеде 54-номерде жайгашкан. 

Аскар Алмаз уулу

Алмаз уулу «Демилгелүү жаштар борбору» коомдук бирикмесминин жетекчиси. 11-апрелдеги Бишкек шаардык кеңешке болгон шайлоого ал “Биздин эл” партиясынын тизмесин баштап, жеңишке жеткен алты партиянын катарында болгон. Бирок добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылганда “Биздин эл” кайра шайлоого баруудан баш тартып койгон. Эми андагы талапкерлердин көпчүлүгү «Эл үмүтү» менен парламенттик шайлоого катышканы турат.

Мурдагы «Биздин элчилер»

Тизмени сыдырганда дароо эле «Биздин эл» партиясынан «Эл үмүтүнө» ооп келгендерди байкоого болот. Саясий уюмдун сап башында жолдогу маичилердин жосунсуз жоруктарын, коррупциялык аракеттерин ашкерелеп келген жарандык активист Болот Ибрагимов да бар. 

Болот Ибрагимов

Ушул жылдын март айында Болот Ибрагимов «Иш күндүн кечи» теледобооруна «Райымбек Матраимов Кыргызстандагы жалгыз коррупционер эмес экенин, кандайдыр бир күчтөр аны «коррупциянын символу» кылып жатышы мүмкүн деген оюн айткан. Бул социалдык тармактарда кызуу талкууга алынып, көпчүлүгү Ибрагимовду «коррупционерди колдоп чыкты» деген таризде сынга алышкан.

Алибек Ташматов

Мындан тышкары спортчу Алибек Ташматов да “Эл үмүтү” партиясы менен парламентке баргысы келет. Ал үстүбүздөгү жылдын апрель айында “Биздин элдин” курамында шаардык кенешке аттанган болчу. Factcheck.kg сайтынын маалыматы боюнча, Ташматов январда болуп өткөн президенттик шайлоодо талапкер Садыр Жапаровдун ишенимдүү адамы болуп катталган. 

Алибек Ташматов

Ошондой эле Айдай Досалиева да «Эл үмүтүнүн» 16-катарында шайлоого жөнөдү. 

Канышай Ырысбек кызы

Канышай Ырысбек кызы

Тизменин 4-орунунда журналист жана эко-активист Канышай Ырысбек кызы бар. Ал канадалык «Центерра Голд» компаниясы кыргыз өкмөтүн Кумтөргө байланыштуу сотко бергенден кийин түзүлгөн «Тянь-Шанды сактап калабыз» кыймылынын лидери. Алар алтын кенге байланыштуу митингдерди өткөрүп келишет.

Талапкерге берилген бир тутам акча чуусу

«Эл үмүтү» партиясы менен парламентке аттанып жаткан Канышай Ырысбек кызы 1-ноябрда «Инстаграмдагы» баракчасына 5000 сомдук бир тутам акчанын сүрөтүн жарыялаган. Аны «бейтааныш адам» бергенин жана ал акчаны партиянын жалпы эсебине которо турганын жазган.

Канышай Ырысбек кызынын «Инстаграм» баракчасынан алынган скриншот.

Бул тууралуу ЖМКлар жазып чыккан соң Ырысбек кызы кайрылуу жасап, каражатты аны «жакшы» тааныган байкеси бергенин, бирок каражатты алуу мыйзамга каршы келгендиктен кайра кайтарып бергенин билдирди. Ал эми БШКнын сайтындагы маалыматка ылайык, Канышай Ырысбек кызы 1-2-ноябрь кундөрү партиянын эсебине 840 миң сом которгон. Ал калган 420 миң сомду кайдан алганы тууралуу маалымат берген жок.

Бирок бул шайлоо мыйзамын бузуу болуп эсептелет. Конституциялык мыйзамдын «Шайлоо фонддору» беренесине ылайык, атын атабай кайрымдуулук кылууга жол берилбейт.

БШКнын маалыматы боюнча үгүт кампаниясынын биринчи аптасында «Эл Үмүтү» партиясынын шайлоо фондуна 15-ноябрга карата 16 миллион 967 миңден ашык каражат келип түшүп, анын 15 миллион 722 миң 920 сомун короткон. Бул партия шайлоого эң көп акча сарптап жаткан партиялардын бири.

Улукбек Карыбек уулу

Улукбек Карыбек уулу

Айтмакчы, журналист Улукбек Карыбек уулу да ушул эле партия менен парламентке баратат. Ал былтыр жыйынтыгы жокко чыккан шайлоодо «Ыйман нуру» партиясы менен катышкан. 

Карыбек уулу коомчулукка резонанстуу иликтөөлөрү менен таанымал. Үстүбүздөгү жылдын апрель айында журналисттик иликтөө жарыялап, «Вега оперейтинг компанинин» жетекчиси Арман Насипкулов жол эрежелерин 91 жолу бузуп, анын 90у жокко чыгарылганын аныктаган. Мындан сырткары, иликтөөдө экс-вице-премьер Жеңиш Разаков унаасына жасалма номур орнотуп, жол эрежесин 264 жолу бузганы айтылган. Иликтөө жарыялангандан кийин «Вега оперейтинг компани» Карыбек уулуну сотко берип, бирок утулуп калган.

Карыбек уулуунун уурдалышы

Буга чейин журналист министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Улукбек Мариповдун Ысык-Көлгө сапары учурунда ага суроо берүүнү көздөгөнү үчүн күч кызматкерлеринин кысымына кабылганын, белгисиз беткапчан үч адам аны уурдап бара жаткан жеринен качып кутулганын айтып чыккан. Кийин экөө жолугуп, Марипов ага “өлкөгө зыян келтирген жемкорлорду камчыла” деп камчы карматкан. 

Нурсултан Кубанов

Нурсултан Кубанов

Ишкер, активист Нурсултан Кубанов “Эл үмүтүнүн” тизмесинде 13-орунда жайгашкан. Ал былтыр күзүндө парламенттик шайлоого “Бир Бол” партиясы менен аттанган. 2018-жылдан бери Perspective компаниясын жетектеп келет.

Данияр Бөлтүрүков

Данияр Бөлтүрүков

Партиянын 26-катарынан «Кумтөр Гол Компанинин» тышкы башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүктүн иниси Данияр Бөлтүрүковду да учуратууга болот. БШКнын сайтында ал «жумушсуз» деп көрсөтүлгөн. Бирок Оsoo.kg басылмасынын маалыматына ылайык, ал «Ысык-Көл жаштар ордосу» коомдук бирикмесинин жетекчиси.

«Мекенчилден» «Эл үмүтүнө» көчүп келгендер

Шаякматов Ниязбек — “Эл үмүтү” партиясында 18-тизмеде орун алган. Талапкер 2020-жылдагы парламенттик шайлоого “Мекенчил” партиясы менен катышкан.  

Нишанбай уулу Таалайбек — 42-орунда турат. Ал да былтыр Жогорку Кеңешке шайлоого “Мекенчилдин” тизмесинде катышкан. 

«Эл үмүтүнүн» тизмесиндеги 46-орундагы талапкер Акылбек Баяманов Мусалиевич 2020-жылкы шайлоого «Мекенчил» партиясы менен депутаттыкка талапкерлигин койгон Эркинбек Баяманов Мусалиевичтин бир тууганы болушу мүмкүн. Эркинбек Баяманов Садыр Жапаровдун шайлоо фондуна 1 млн сом каражат которгон. Tizme.kg порталынын маалыматына ылайык, Эркинбек жана Акылбек бир  шайлоо участкасында каттоодон өткөн.

Шайлоого катышып жаткан партиялардын ичинен «Эл үмүтүнүн» тизмесиндегилердин орточо курагы 34 жаш. Эң кичүүсү 25те болсо, улуусу 55те.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6343 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо