Унаа салыгын төлөбөгөндөргө 800 миңге жакын айып салынды

Салык кызматы унаа салыгын өз убагында төлөбөгөндөргө 739 миң сом суммасында айып салды. Эки айда жалпы 1500гө жакын рейд өткөн.

Мекемеден билдиришкендей, жалпы 28 миң унаа текшерүүгө алынган. 

Эскерте кетсек, быйылкы жылы унаа салыгын төлөө мөөнөтү 1-сентябрда аяктаган.

Мыйзамга ылайык, салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн 1000 сом өлчөмүндө административдик айып каралган. Мындан тышкары, салык төлөө мөөнөтү кечиктирилген ар бир күн үчүн туум эсептелет.

Автор Т-медиа 11147 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*