Абалың кандай базар баасы?
Кыргызстанда азык-түлүктүн жана башка товарлардын наркы кескин жогорулап жатат. Айрыкча, өсүмдүк майы, эт жана кумшекерге болгон баа өсүүдө. Базарда дагы эмне кымбаттап же тескерисинче арзандаган? TMGнын "Кабар бер" долбоорунун катышуучулары Ош шаарындагы базар баасынан сүрөт баян даярдады.
Элге эң керектүү азыктардын бири өсүмдүк майы. Базарда анын бир литринин баасы 150-190 сомго чейин сатылып жатат.

  • Эки литри - 325 сом;
  • Үч литри - 480 сом;
  • Төрт литри - 650 сом.
    Былтыр сабиз кымбаттап 100 сомго чейин көтөрүлгөн. Учурда анын баасы кайра түштү. Азыр базарларда бир килограммы 40-50 сомдон сатылууда. Картошка болсо - 35 сом.
    Октябрда мөмө-жемиштердин жана жашылчанын баасы 8%га көтөрүлгөн. Азыр:

    • Картошка 35 - 40 сомдон;
    • Сабиз 45 - 50 сомдон;
    • Помидор -130 сомдон сатылып жатат.
      Эттин бир килограммы 450-500 сомго чейин болуп жатат. Ал эми кумшекер 75 сомдон сатылууда.
      Автор: Нуркамил кызы Айке
      t-media.kg