
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан үч адам каза болду. Үчөө тең вакцина албагандар экени айтылды.
Соңку сутка ичинде 53 киши ооруну жугузуп алды. Алардын көбү Бишкек шаарында. Чүй жана Нарын облустарында жаңы учурлар катталган жок.
- Бишкек — 23
- Ош шаарында — 1
- Ош облусу – 3
- Талас облусу — 3
- Ысык-Көл облусу – 12
- Жалал-Абад облусу – 5
- Баткен облусу — 6
Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 183 миң 833 кишиге жетти. Алардын 177 миң 442си сакайды. Ал эми COVID-19дан көз жумгандардын расмий саны 2723 адамга жетти.
Азыр ооруканада 474 бейтап жатат, дагы 661 адам үйдөн дарыланууда.
Оставьте первый комментарий