Үгүт кербени уланып жатат. Талапкер Айбек Осмоновду эл жакшы кабыл алууда

Тулпар — тушунда, күлүк — күнүндө. Жогорку Кеңешке №7 Ош шайлоо округунан талапкерлигин койгон Айбек Осмоновдун үгүт кербени уланууда. Ош шаарынын тургундарды талапкерди жылуу маанайда тосуп алып жатышат. 

Өз сөзүндө Осмонов аны колдоп келгендерге ыраазычылык билдирип, алдыда саясий чоң сыноо күтүп турганын айтууда. Ошондой эле элди программасы менен тааныштырып, көйгөйлөрүн жеринен угуп жатат. Жаш келсе ишке деген шайлоочулар Айбек Осмоновго ийгилик каалап, ак батасын беришти.

«Кыргызстанда акыркы эки жылда билим берүү тармагынын деңгээли түшүп кетти. Ошондуктан эң биринчи ушул жакка басым койдук. Ошондой эле программама туризм, жеке ишкерлик, өндүрүш боюнча да көйгөйлөрдү жазып, сунуштарды камтыдым», -дейт Айбек Осмонов.

Талапкер жаштар менен да жолугушуударды байма-бай уюштурууда. Баарлашуу суроо-жооп форматында өтүп, келечек муун өкүлдөрү көйгөйлөрүн ортого салышты. Айбек Осмонов алардын ишеничин аманат катары кабыл алып, Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн болгон күчүн жумшарын убадалады.

Талапкерлердин парламентте мыкты мыйзамдарды жазып, аларды аткарылышын көзөмөлдөп, эл менен бийликтин ортосунда көпүрө болууга акылы да, кудурети да жетет.

Материал бир мандаттуу №7 шайлоо округунан Жогорку Кенештин депутаттыгына талапкер Осмонов Айбек Жапаровичтин финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Максымбеков Дастан Максымбековичтин буюртмасы менен Айбек Осмоновдун шайлоо фондунун эсебинен төлөндү.

22.11.2021. Тираж 2.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6344 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо